Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Орусияда мобилизацияга каршы акцияларда 700дөн ашуун адам кармалды


Мобилизацияга каршы Петербургда өткөн акция.
Мобилизацияга каршы Петербургда өткөн акция.

Ишембиде Орусияда мобилизацияга каршы өткөн акциялардын 700дөн ашуун катышуучусу кармалды. Алардын жарымынан көбү Москвада жана Санкт-Петербургда. Бул тууралуу 24-сентябрь күнү кечинде "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди. Маалыматка караганда, милиция акция баштала электе эле катышуучуларды кармап кеткен. Москвада 300, Петербургда 100дөн ашуун киши кармалды. Алардын арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек кыз дагы бар. Кармоолор жөө жүрүштүн ондогон катышуучусу багыт алган Зарадье гүл багында дагы орун алды. Петербургда ОМОНдор мобилизацияга каршы чыккандарга карата союл жана электрошокер колдонгон.

Күбөлөрдүн айтымында, нааразылык акциясына чыккандардын саны 21-сентябрь, мобилизация жарыялаган күнү митингге чыккандардан азыраак. "Весна" кыймылы уюштурган акция Орусиянын башка шаарларында дагы өттү. Бир нече шаарларда ондогон адамдар кармалганы кабарланды. Новосибирскиде кармалгандардын саны 70ке жакын экени айтылды.

Мобилизацияга каршы өткөн каршылык акциясын өткөрүүгө бийлик уруксат берген эмес. Орусия пандемияны шылтоолоп 2020-жылдан бери адамдар көп топтолгон иш-чараларга уруксат бербей жатат.

Шаршембиде Орусиянын 38 шаарында мобилизацияга каршы акцияларда 1400 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирген. Алардын көбүнө аскерге чакыруу кагазы тапшырылган.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Орусиядагы укук коргоочулар жана активисттер аскерге мобилизация тууралуу чакыруулар жарандарга 21-сентябрдан тартып келе баштаганын маалымдашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG