Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Кыйноолорго каршы борбордун адистери Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты


Ырыс Жекшеналиев сот залында.
Ырыс Жекшеналиев сот залында.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты.

Мекеме 23-сентябрда тараткан кабарга ылайык, Жекшеналиев 22-сентябрда кезектеги сурак учурунда кан басымы көтөрүлүп кеткенин айткан. Ал медициналык кароодон өткөнүн, омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары дарылоону талап кылып жатканын билдирген. Камакта кыйноо же ырайымсыз мамилеге туш болгону тууралуу арызданган эмес.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган. Өзү эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

№1 Тергөө абагында отурган активист саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 22-сентябрда менчик медициналык мекемеге алып келинип, текшерүүдөн өткөрүлгөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG