Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

БУУ комиссиясы Украинадагы аскердик кылмыштар боюнча баяндамасын жарыялады


Украина. Изюм.
Украина. Изюм.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы аскердик кылмыштарды иликтеген эксперттеринен турган комиссиясы украин жергесине болгон сапарынын жыйынтыгын чыгарды. 23-сентябрда комиссиянын башчысы Эрик Мёсе жарыялаган баяндамада уруп-сабоо, кыйноо, сотсуз өлүм жазасына тартуу жана аскердик туткундарды кемсинтүү, аларга ырайымсыз мамиле жасоо сыяктуу кылмыштар аныкталганы белгиленди.

Украинадагы аскердик кылмыштар боюнча комиссия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин демилгеси менен түзүлгөн. Комиссия Украинада он күн болуп, Киев, Чернигов, Харьков жана Сумы облустарынын аймагындагы 27 айыл-кыштакты кыдырды. Эксперттер кордукка кабылган 150 адамды жана күбөлөрдү сураштырып, укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн маалымат алышкан.

Туткунда болгон аскер кызматкерлери, катардагы жарандар жана күбөлөр аларды сабашканын, чыңалган электр зымдары менен кыйнашканын, жылаңачтап алып мазакташканын айтып беришкен. Эксперттер тобу сөөктөр үйүлүп көмүлгөн жерлерди, анын арасында Буча шаарын кыдырып, каза болгон аскерлер да, жайкын тургундар да сотсуз жана тергөөсүз өлүм жазасына тартылганын аныкташкан.

Комиссия кылмыштардын көбүн орус аскерлери жасаган болушу ыктымал деген тыянакка келгенин, арасында украиналык солдаттар да орусиялык аскер туткундарына карата жасаган ырайымсыз мамиле катары шектелип жаткан эки факт бар деген тыянакка келген.

Эрик Мёсенин айтымында, орус аскерлеринин сексуалдык кылмыштарынын далилдери аныкталды, алардын курмандыктарынын арасында төрт жашар наристелерден тартып 82 жаштагы кары адамдар бар.

Комиссиянын баяндамасы Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда каралып жаткан иштин материалдарына тиркелери айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG