Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Чек арада курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти


Баткендин Достук айылындагы үйдүн кол салуудан кийинки көрүнүшү.
Баткендин Достук айылындагы үйдүн кол салуудан кийинки көрүнүшү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Баткен облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Ал жараат алгандар 198 киши экенин, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтты. Жабыркагандардын 171и эркектер, 14ү аялдар, 13ү балдар. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үч киши жатат.

Бөрүбеков кагылыш болгон аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, фельдшердик-акушердик пункттар зыян тартканы кошумчалады.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG