Иранда бийлик укук коргоочу кыздын өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларына каршы уюштурган демонстрациялар бир нече шаарда өттү. Өкмөттүк IRNA маалымат агенттиги 23-сентябрда “Адамдар ыйык Куранды мазактагандарды, мечиттерди өрттөгөндөрдү жана ислам дресс-кодун бузгандарды айыптоо үчүн чыгышты” деп билдирди.
Демонстранттар өкмөткө каршы чыккандарды “Израилдин аскерлери” деп айыптап, “Америкага өлүм”, “Израилге өлүм” деп кыйкырып жатышканын мамлекеттик телеканалдар түз эфирде көрсөттү. Адатта мындай ураандар өкмөт каржылаган акцияларда айтыларын байкоочулар белгилөөдө.
Мунун алдында өлкөнүн күч түзүмдөрү элге кайрылып, өкмөткө каршы акцияларга чыккандарга катуу чара көрүлөрүн эскерткен.
13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.
Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталып, полиция менен кагылыштарда ондогон адам каза болгон.
Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.
Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. (RK)