Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Баткен: Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда


Достук айылы. 2022-жылдын 21-сентябры.
Достук айылы. 2022-жылдын 21-сентябры.

Баткенде чек арадагы каргашада талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына турганын мамлекет башчынын администрациясынын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Бул тууралуу маалымат 23-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу түзүлгөн Медиа-штабдын Телеграмдагы баракчасына жарыяланды.

Жунушалиев курулуш иштерин 2-3 айда жыйынтыктоо пландалып жатканын айтты:

“Ар бир айылды кыдырып, изилдөө жүргүзүп жатабыз. Үйлөр 100 чарчы метрден өйдө болот. Себеби айыл жергесинде чоң үй болбосо ыңгайсыз. Сөзсүз элдин айтып жаткан талаптарын эске алабыз. Президенттин 2-3 айда бүтүрүш керек деген талабы бар. Биз иштерди эртелеп баштап, эрте бүткөнгө толук шарт түзүшүбүз керек. Азыр курулуш иштерин жүргүзө турган фирмалар белгиленип, курулуш материалдарынын эсеби чыгарылып жатат”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22-сентябрдагы маалыматы боюнча, Баткенде соңку окуянын кесепетинен 432 үй, 285 сарай, алты мектеп, алты бала бакча, 9 административдик имарат, 26 автомашина жана тиричиликти камсыздоочу 171 объект талкаланды.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG