Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Кыргызстан Тажикстан менен соодасын дээрлик токтотту


Лейлек аймагындагы Интернационал айылында болгон куралдуу кагылышуу учурунда өрттөлгөн жашылча. 2022-жыл, 19-сентябрь.
Лейлек аймагындагы Интернационал айылында болгон куралдуу кагылышуу учурунда өрттөлгөн жашылча. 2022-жыл, 19-сентябрь.

2022-жылы жети ай ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода 3,2 миллион долларды гана түздү. Жыл ичинде өз ара соода агымы 7 эсеге азайды. Акыркы жылдардагы мамиленин курчушу жалпы 16 миллион кишилик базары бар кошуна эки мамлекеттин соода жана экономикалык алакасын дээрлик токтотууга алып келди.

Баарынан да бир кездерде соода-сатыгы күргүштөп турган эки өлкөнүн чек ара аймактары көп жабыр тартууда. Кыргызстан пахта жибин, жашылча-жемиш алып, ордуна күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдарын жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды өткөрүп турчу. Эми ошол сооданы жакын арада кайра күчөтүү мүмкүн эместей көрүнөт. Чек арадагы чыр-чатактар ондогон адамдардын өмүрүн алган куралдуу кагылышууларга айланып, соңку жылдары мамилени эң төмөнкү чекке жеткирди.

Аткезчилик гана калгандай...

2019-жылы эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода көлөмү 67,7 миллион доллар болчу. Пандемиянын айынан 2020-жылы соода эки эсеге кыскарып, 37,2 миллион долларды түзгөн. 2021-жылы апрелдеги кагылышуулардан кийин Бишкек “бардык маселелер чечилгенге чейин” чек арасын бир тараптуу жаап салганда, соода көлөмү 27,9 миллион доллар болуп калды.

2022-жылдын январь-июль айларында бул көрсөткүч 3,2 миллион долларга чейин төмөндөдү. Бул соода алакасы таптакыр жоктой сезилген Ооганстан менен болгон биздин сооданын көлөмүнөн төрт эсе аз.

“Расмий соода кандайча жүргүзүлүп жаткандыгын билбейм, бирок бизге товарларды экспорттоого толугу менен тыюу салынган. Атүгүл Өзбекстан аркылуу транзит менен ташууга да уруксат жок. Эми эптеп-септеп уланып жаткан контрабанда гана калды окшойт", - дейт буга чейин тажик базарына тоок камдап берип келген ишкер Жыргалбек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аткезчилик болуп жатканын жокко чыгарбай, кармалгандардын сүрөттөрүн мезгил-мезгили менен жарыялап турат. Депутат Адахан Мадумаров буга чейин "атайын кызматтагылар өздөрү аткезчилерди тымызын коргоп жатат" деген эле. Буга байланыштуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аны түрмөгө камайм деп опузалаган. Аткезчиликтин бар экендигин президент Садыр Жапаров да жашырган жок. “Контрабанданы 90% жеӊдик”, - деген болчу ал июнь айында депутат менен УКМК башчысынын кайым айтышуусу жөнүндө өз пикирин айтканда.

Чөп деп ташылган күйүүчү-майлоочу майлар. Баткен облусу, 2021-жыл, 3-март.
Чөп деп ташылган күйүүчү-майлоочу майлар. Баткен облусу, 2021-жыл, 3-март.

Аткезчилик жол менен ташылып жаткан негизги товар – бул Кыргызстанга Орусиядан келүүчү күйүүчү-майлоочу майлар. Бензин жана дизель отуну Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанда кымбат сатылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жабылышы эки мамлекетке теӊ чектеш Өзбекстан үчүн пайдалуу болду. Тажикстанга ташылган товарлардын көпчүлүгү Кыргызстанга Кытайдан келчү, эми бул агым нугун өзбек ишкерлери өздөрү аркылуу өтө турган кылып алышты.

Тажикстандын бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода азыр Кыргызстандан жасалган буюмдар деле Өзбекстан аркылуу өтүп жаткандыгын тастыктады.

Сооданын минималдуу көлөмү – бул кыргыз ишкерлери чек ара жабылган кезде деле сактап калууга жетишкен болор-болбос ташуулар.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода Өзбекстан жана анын чек ара бекеттери аркылуу жүргүзүлө баштады. Ырас, соода агымы өтө азайып кетти, бирок такыр токтоп калган жок", - дейт кыргызстандык экономист Эсен Азамат.

Былтыр Тажикстанга негизинен мунайзат өнүмдөрү, желим идиш, айнек, вакцина жана жыгач буюмдар болгон - булар бир гана Кыргызстан аркылуу импорттолчу.

Муздаган мамиле

Башынан эле Кыргызстандын Баткен аймагы менен Тажикстандын Согд аймагынын ортосунда соода кызуу жүрүп келген. Куралдуу кагылышуулар чек ара аркылуу жүрүп турган ишкердикти токтотуп, эки тарапка тең зыянын тийгизди.

“Чек арадан агылуучу сооданын сээлдеп калышы кыжалат кылууда, анткени Тажикстандын түндүгүндөгү айыл чарбалуу бир нече райондун калкы түшүмүн сатуу менен тиричилик кылат. Чыр-чатактын Тажикстанга да, Кыргызстанга да пайдасы жок”, - деген эле жыл башында Согд бажы башкармалыгынын башчысы Бахром Исматуллозода.

Бирок жакын арада сооданын кайра жанданып кетерине ишенүү кыйын. Чек арадагы эң ири жаңжалдан - 16-сентябрдагы кагылышуулардан кийин эки тарап теӊ бири-бирин куралдуу кол салды деп айыпташты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө тажик тарап буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, бүтүндөй мамлекеттик чектеги чек ара жана жарандык объектилерге кол салганын айтты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аймактык талаш жөнүндө мындай жогорку деӊгээлде биринчи жолу айтылды.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында. Нью-Йорк. 2022-жыл, 20-сентябрь.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында. Нью-Йорк. 2022-жыл, 20-сентябрь.

“Эки мамлекет эң оор, эң кандуу кагылышууга туш болгон чакта, алардын ортосундагы мамиле кандай болушу мүмкүн? Албетте, эки өлкөнүн алакасы өтө начарлады. Тилекке каршы, окуялардан туура жыйынтык чыгарылбаса, тараптар өз талаш-тартыштарын чечүү үчүн дипломатиялык жолго өтпөсө, мындан да жаман болушу мүмкүн. Ырас, 2021-жылы апрелде бул мамиле өтө начарлап калды деген элек, бүгүнкү ого бетер начарлап, чиеленишип кетти. Эки тарап демейки кеп-сөздөр менен гана чектелбестен, бири-бирин баскынчылыкка айыптоодо”, - дейт Борбор Азиядагы Америка университетинин саясат таануучусу, профессор Эмилбек Жороев.

Экономист Илимбек Абдиевдин айтымында, Кыргызстан тажик базарына үмүт артпашы керек. Чек ара жабылган шартта тажик ишканалары буга чейин биз жактан алып келген чийки заттарды өз алдынча иштетүүгө жетиши мүмкүн деп эсептейт ал:

"Баткен аймагы үчүн өрүктү экспорттоо чоӊ мааниге ээ. Эми өрүктү бул аймакта эле иштетип, башка өлкөлөргө чыгаруу керек. Сыртка узатылуучу өрүктүн 80% өзүбүздөгү ишканаларда даярдаганыбыз оң. Агрессиядан кийин Тажикстанга экспорттоонун кажети жок, андан көрө буларды Кыргызстан аркылуу баруучу интернеттен ажыратып, соода жана экономикалык алаканын баарын үзүп салуу керек".

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров чек арадагы талаш-тартыштарды чечпей туруп коңшулар мурдагы соода жана экономикалык мамилелерин калыбына келтириши кыйынга турат деп ойлойт.

“Эки тараптуу сооданын көлөмүн ондогон эсе арттырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок бул үчүн биринчи кезекте чек араны толугу менен тактап алып, коопсуздукту камсыз кылуу керек. Ошондон кийин сооданы көбөйтүү жөнүндө ойлонсок болот. Антпесек, биз элибизди, жерибизди тобокелге салган болобуз”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан бардык талаштуу чек ара маселелерин чечүү үчүн Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү каалаган форматта улантууга даяр экендигин айтты.

Тажикстан – кошуналардын ичинен биз менен экономикалык мамилелери өтө солгун болуп калган жалгыз өлкө. Кыргызстандын тышкы соодасындагы Тажикстандын үлүшү учурда 0,1 % гана түзөт. Кытай, Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG