Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

"Чек арада баскынчылык риторикасынан баш тартуу керек"


Мэдлин Ривз, Оксфорд университетинин профессору, социалдык антрополог

Оксфорд университетинин профессору, социалдык антрополог Мэдлин Ривз Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанда чек аралар, миграция, жарандык өңдүү маселелерин изилдеп келди. Профессор “Биз жана дүйнө” берүүбүзгө катышып чек арадагы соңку кагылышууга байланышкан суроолорубузга жооп берди.

- Мэдлин айым, сиздин көз карашыңызда кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестик, жаңжалдардын табияты акыркы жылдары кандай өзгөрдү?

Чек ара аймагындагы кырдаал акыркы он жылда, өзгөчө акыркы эки жылда абдан начарлап кетти. Муну оор курал-жаракты көбүрөөк пайдалануу, тактала элек, демаркацияланбаган чек ара тилкелеринде суу, жер, жайыт, инфраструктурага байланышкан талаштардан келип чыккан жаңжалдарды ок атуучу куралдын жардамы менен жөнгө салуу учурларынан, чөлкөмдүн жалпы милитаризациясынан баамдаса болот. Абал өтө начарлады.

Мындан тышкары чек ара аймактарында жашаган элдин мамилеси да кескин өзгөрдү. Мисалы мен мындан 20 жыл мурун Исфара өрөөнүнө биринчи жолу барганымда бир нерсеге күбө болгом. Ооба, жылдар бою чыңалуу өкүм сүргөнү менен тил табышуу муктаждыгы же жергиликтүү эл айткандай “базарыбыз бир” деген маанай байкалып турчу. Азыр болсо андай ой жүгүртүү өзгөрдү. “Бул жакта келечегим жок, айла жок Орусияга кетишим керек” деп көбүрөөк айтып калышты. Коопсуз, тынч жашоо мүмкүн болбой калды дешет. Менимче, аймактын курал-жаракка шыкалганы гана эмес жергиликтүү элдин жаңжалдар улана берет, абал курчуй берет деген коркуу сезими, санаркоосу абдан маанилүү.

- Мэдлин айым, чек ара аймагынын милитарцизациясына эмне себеп болууда?

- Бул маселени Кыргызстандын жана Тажикстандын эгемендик алгандан кийинки жылдардагы саясатынын тарыхына байлап караш керек. Менимче, аймактагы элдин негизги муактаждыктарынын чечилбей, саясий укуктарынын камсыз кылынбай, жашоо-турмушунун оңдолбой жатышына сыягы саясий эрк жетпей турганы да себеп болууда.

Андан тышкары делимитация жана демаркацияга байланышкан маселелерди жөнгө салбай туруп, эки жактын тең куралдануу тенденциясын белгилей кетүү зарыл. Ушул факторлордун комбинациясы тынч жолдор менен чечиле турган талаштарды куралдын жардамы менен чечүүгө ыктоого шарт түзүүдө деп ойлойм. Менимче, деэскалация үчүн биринчи кезекте оор техниканы, аскердик күчтөрдү чек ара аймагынан чыгарып кетүү зарыл.

- Айрым талдоочулар чек арадагы жажалдарга ички саясий маселелер түрткү берди деген ойлорун айтышат. Сиз кандай дейсиз?

- Ооба, ички саясий маселелер түрткү берген деген версияны терең иликтеш керек. Ушу тапта эки тарапты тең адам өмүрлөрүнүн кыйылышы, үй-мүлктүн талкаланышы түйшөлтүп турган кез.

Чек арада утур-утур тутанып жаткан чыр-чатактарга жергиликтүү алкактагы окуя катары карап келишет же геосаясий процесстердин, чоң оюндардын бир бөлүгү деп билишет. Мен ички саясатты карап, талдоо зарыл деген ойго кошулам. Тажикстандын ички саясатын алсак, президент Рахмондун ордун ким басат, мураскер ким болот деген маселе күн тартибинде турат. Ал өлкөдө бийликтен башка саясий күчтөрдүн добушу угулбайт. Жаңжал тутантуу бөлүнүп-жарылган элди бириктирүү аракети болушу мүмкүн деген ойго мен кошулам.

- Мэдлин айым, сиз аймактын бир нече өлкөсүндө изилдөө кылып, ал жактагы элдин маанайын, бири-бирине көз караштарын жакшы билип калдыңыз. Баткенде бир нече убакыт жашап кеткенсиз. Жөнөкөй эл тынчтыкта жашоого дилгир болсо керек?

- Жайкын тургундар тынч жашоого суусап турат. Жакын кошуна менен тынчтыкта жашоону эңсешет. Ошол мен айткан бейпилдик коопсуздукка көз каранды.

Тынч жашоо деген эмне? Базарга барып, ээн-эркин соода кылуу, коомдук транспортто жүрүү мүмкүнчүлүгү, аялдардын эки жакка эркин каттоосу. Эмне дегенде чыр-чатактарда биринчи кезекте аялдардын кыймыл-аракеттери чектелип калат. Бейпил жашоо деген балдарын мектептерге берүү мүмкүнчүлүгү, балдардын туулган жердеги, ата журтундагы келечегин элестетүү дегенди билдирет. Менимче, ушул шарттардын бардыгы азыр коркунучка кептелди.

Баткен районундагы Ак-Сай, Бакай, Капчыгай, акыркы күндөрдө кыйроолордон жапа чеккен бир катар башка айылдарда жашаган тааныштарымдын айтканына караганда, эл кагылышуудардан чарчап-чаалыкты, үйлөрүнө кайтуудан, балдарын ошондой тынч эмес жерде чоңойтуудан чочулап турушат. Тынчтык маселесине келгенде коопсуздук эмнени билдирет дегенди түшүнүп алыш керек. Ал жер үчүн коопсуздук болуп көрбөгөндөй маанилүү. Эл зомбулуктан жана кол салуулдардан коркуу сезиминен эркин жашагысы келет.

- Мэдлин айым, тараптар ондогон жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан жок. Алар чек ара маселесин өз алдынча чече алабы же арачы керекпи?

- Менимче биринчи кезекте ошол арачы түшөм деген күч же өлкө ким болушу керек деген маанилүү суроону жакшылап такташ керек. Акыркы күндөрдөгү окуяларда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчө мамлекеттердин коопсуздук көйгөлөрүн чечүүгө жөндөмү жетиштүү эмес экени даана көрүнүп калды.

Кимдир бирөө ортомчу ролун аткарам десе, ал эл аралык деңгээлдеги уюм болушу керек деп ойлойм. Ошондой эле бул талашты чечүүдө башка борбор азиялык өлкөлөрдүн маанилүү потенциалын да эске алуу зарыл. Бирок эң биринчи кезекте эки тараптын жетекчилигинин саясий эрки, де-эскалация аракеттери маанилүү. Баскынчылык риторикасынан баш тартыш керек, "Ворух анклав эмес" деген билдирүүлөр жагдайды жөнгөрүүгө салым кошпойт. Муну менен бирге Ташиевдин "Ворух маселесин бир нече күндө чечсе болот" деген былтыркы айтканы да абалды жакшыртууга жардам бербейт.

Бул аймакта тынчтыкты тез арада орнотуу үчүн кандайдыр бир ортомчулук ролу менен катар, делимитация маселесин абдан методикалык жана дипломатиялык жол менен чындап чечүүгө саясий эрк керек, ал эки тараптын дооматтарын жана нааразычылыгын эске алуу менен каралууга тийиш.

Эки тараптын айырмачылыктары, эки башка карталарга, советтик мезгилдеги эки башка келишимдерге таянганын да эске алуу зарыл. Бул – чек ара меселесин, тынч, дипломатиялык жол менен чечүүнүн башаты болуш керек.

Ошол жакта жашаган элдин материалдык турмушунан баштоо керек. Мисалы, тажик тараптын Ак-Сай айылы бул жерде турбаш керек деген өңдүү дооматтары абдан козутуучу жана дестабилдештирүүчү сөздөр деп ойлойм.

- Мэдлин айым, Кыргызстандын социалдык тармактарында бизге Украинадай көңүл бурулбайт, эл аралык пресса кан төгүүнү көз жаздымда калтырды, кээ бирлери бурмаланган маалымат таратууда деп жазышууда. Сиз мисалы британ медиасына байкоо салып жаттыңыз. Ал жерде албетте ханыша Елизаветанын дүйнөдөн кайтышы алдыңкы орунда турду. Ошентсе да дүйнө биздин регионго анча маани бербейт деп айтууга негиз барбы?

- Ооба, тилекке каршы бул жаңы деле көрүнүш эмес. Эл аралык маалымат каражаттары кеңири бир геосаясий мааниси бар деген окуялар чыгып кетсе гана Борбор Азияга көңүл бурушат.

Бул Кавказга да тиешелүү. Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжалга АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси армян өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолукканда гана чагылдырышканы албетте өкүнүчтүү. Бул – бир аспект.

Экинчи жагынан медиа дегенде эл аралык гана эмес жергиликтүү маалымат каражаттары тууралуу сөз кылыш керек. Бул жерде көңүл бурчу бир жагдайды белгилейт элем. Тажикстанда акыркы жылдарда эркин медиа катуу касым-басымга туш болуп келатат. Көз карандысыз иликтөөчү журналистиканын мүмкүнчүлүгү, өлкөдөгү окуяларга сын көз караш менен карап чагылдырууга шарттар кыйла чектелген.

Менимче, бул көрүнүш козуткан, шыкактаган маалымат таратуу менен алектенген түрдүү Телеграм-каналдар башкы булакка айланды. Эл аралык медиага караганда жергиликтүү медиа ландшафты абдан маанилүү. Тилекке каршы, жергиликтүү эл үчүн кайгылуу окуялар канчалык маанилүү болбосун, эл аралык медиа Борбор Азияны көңүл сыртында калтырып коёт.

Чек ара: Куралдуу кол салууга жеткен эскалация
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG