Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Рахмондун уулунун тактыны көздөгөн жүрүшү


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен уулу Рустам.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен уулу Рустам.

Орус-украин кризисинен жабыркаган борбор азиялыктар, тажик президентинин уулунун жаңы дымагы жана Бээжинде муз үстүнө төгүлгөн көз жаш. Соңку бир жума ичинде Борбор Азия жана постсоветтик чөлкөм тууралуу эл аралык басылмалар жазган айрым макалаларга токтолобуз.

Украин кризисинин Борбор Азиядагы эпкини

16-февралда Aljazeera телеканалынын сайтында "Орус-украин кризиси Борбор Азиянын экономикасын кысмакка алды" деген макала жарык көрдү. Анда Москванын Украинага кол салуу коркунучу өкүм сүрүп жаткан шартта орус рубли нарксызданганы, натыйжада борбор азиялык мигранттардын мекенине салган акчасы да азайганы айтылат.

Маселен рублдин АКШ долларына карата курсу октябрь айынан бери 15%, декабрь айынан бери 8% төмөндөгөн.

"Кремл коңшусунун чек арасын бойлой 100 миңден ашуун аскерин жана оор курал-жарагын жайгаштыруу менен согуш болот деген санаркоону жаратты. АКШ орус президенти Владимир Путинди Украинаны басып алуудан токтотуу үчүн барскандай болгон санкцияларды даярдайбыз деп жооп кайтарды. Вашингтон сунуштаган чаралар Москвага багытталса да, алар Тажикстан менен Кыргызстандын экономикасын каржалтып, Өзбекстанды орчундуу деңгээлде жабыркатышы мүмкүн. Себеби бул өлкөлөр Орусияда иштеген жарандары жөнөткөн акчага көз каранды", - деп айтылат макалада.


Автор Чару Судан Кастури статистикалык маалыматтарга таянып жазгандай, 2021-жылдын январь жана сентябрь айларында Орусиянын аймагына Өзбекстандан 3 миллион, Тажикстандан 1,6 миллион жана Кыргызстандан 620 миң мигрант кирген. Салыштырып айтканда, үч өлкөнүн ар бир онунчу жараны Орусияда иштейт. Орусиядан жөнөтүлгөн каражат Тажикстанда ички дүң жыйымдын 30%, Кыргызстанда 28%, Өзбекстанда 12% түзөт.

Макалада айтылгандай, борбор азиялык мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын көлөмү менен орус экономикасындагы кризистин тыгыз байланышы бар.

Мындай жагдай, 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алганына байланыштуу жарыяланган санкциялардан кийин да сезилген. Адистердин баамында АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Москвага сөз болуп жаткан жаңы санкцияларды салса, анда Орусиядан Борбор Азияга багытталган акчанын агымына дээрлик бөгөт коюлушу мүмкүн.

“Мигранттар жөнөткөн акчанын азайышы Борбор Азиядагы өзгөчө мындай каражатка көз каранды өлкөлөрдө экономикалык, фискалдык жана социалдык басымды жаратышы мүмкүн", - деп билдирген Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосян.

Киевдеги машыгуу, 30-январь 2022-жыл.
Киевдеги машыгуу, 30-январь 2022-жыл.

Aljazeera жазгандай, Крымдын аннексиясынан улам Орусияга санкциялар киргизилгенден кийин 2013-2016-жылдар аралыгында Тажикстанга мигранттар которгон акча эки эсе азайган. Бир жыл ичинде өзбек мигранттары мекенине жөнөткөн каражат 30%, кыргызстандыктардыкы 25% төмөндөгөн.

Автордун пикиринде, болжолдуу санкциялар ансыз да COVID-19 пандемиясынан кийин кайра калыбына келе албай жаткан экономиканы ого бетер аксатышы мүмкүн.

"Күтүп отургандан башка аргабыз жок. Акыры биздин тагдырыбыз Москвада жана Вашингтондо чечилмекчи", - деп айтып берген Москвада курулушта иштеген тажикстандык мигрант Фарудин Абдуллаев.

Президенттин уулуна кайрылгандар көбөйдү

17-февралда Eurasianet басылмасы "Тажикстан: президенттин уулу борбордук сахнадагы жогорулаган ролуна кулачын жайды" деген макаласын жарыялады. Анда тажик президентинин уулу барган сайын өлкө ичиндеги ар кыл маселелерге жигердүү аралашып, өзүнүн улам көтөрүлүп келе жаткан зоболосуна өзү ыраазы болуп жатканы жазылган.

"Кезинде Тажикстанда жапа чеккен жарандар президент Эмомали Рахмонго ачык кайрылышчу. Азыр андай эмес. Эми мындай кайрылуулар тогуз баласы бар Рахмондун мураскери деп саналган 34 жаштагы Рустам Эмомалиге багытталууда", - деп башталат Камила Ибрагимова аттуу псевдоним менен жазган автордун макаласы.

Анда айтылгандай, Рустам 2017-жылдын башынан тарта баш калаа Дүйшөмбүнүн мэри болуп иштеген. 2020-жылдын апрель айында тажик парламентинин жогорку палатасынын спикери болуп шайланган. 2016-жылдагы конституциялык реформадан кийин Тажикстанда президенттикке талапкерлердин курагы 35тен 30 жашка чейин түшүрүлгөн жана муну менен Рустамдын өлкөдөгү башкы саясий кызматка келишине жол ачылган. COVID-19 пандемиясы, ооган өкмөтүнүн кулашы сыяктуу ири кризистер болбосо, Тажикстанда бийликтин атадан балага транзити эбак эле ишке ашмак деген божомолдор болгон.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен Рустам Эмомали (солдо).
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен Рустам Эмомали (солдо).

Eurasianet жазгандай, Рустам Эмомалинин популисттик жана элдин көңүлүн көтөрүүнү көздөгөн саясаты Дүйшөмбү шаарынын мэрлигинен башталган. Ал айрым аткаминерлер Аяз атага жана балаты тигүүгө каршы болуп жатканда Жаңы жылдык майрамдарды кайра калыбына келтирген. Ал соңку мезгилдерде коомчулукта талкуу жараткан маселелерге да түздөн-түз кийлигише баштады.

Маселен былтыр күзүндө 32 жаштагы Мадина Мамаджонова аттуу келиндин ур-токмоктон кийин каза болушу тажик коомчулугунда катуу талкуу жараткан. Күйөөсүн кызганып келинди муунткан деп айыпталган Азиза Давлятова алгач мунапыска байланыштуу жазадан кутулганы кабарланган. Бирок Рустам Эмомали бул ишти өз көзөмөлүнө алганы айтылгандан кийин келиндин өлүмүнө тиешеси бар деген адамдар узак жылга абакка кесилип, Ички иштер министрлигиндеги жана Башкы прокуратурадагы кызматкерлер иштен айдалган.

Мындан тышкары ноябрь айында тажик жазуучусу Садриддин Айнинин үй музейинин ордуна мейманкана куруу планы да Рустамдын кийлигишүүсүнөн кийин токтотулган. Январь айында президенттин уулу уюлдук компаниялар көрсөткөн кызмат начар экенин айткандан кийин байланыш операторлору интернеттин ылдамдыгын дароо күчөтөрүн жарыялашкан.

Соңку мезгилде тынчыбай жаткан Тоолуу Бадахшан автоном аймагындагы жергиликтүү саясатчы Фаромуз Иргашев да президенттин уулуна кайрылуу жолдогон. Бул региондон чыккан, учурда Европада жашаган саясатчы Алим Шерзамонов тажик калкынын арасында Рустам бийликке келсе, бир нерсе өзгөрүшү мүмкүн деген иллюзия бар экенин Eurasianet басылмасына айткан.


"Тажикстандын эли Рахмондон абдан тажап бүттү. Эгер анын ордун жок дегенде Рустам басса, бул элге кайсы бир даражада үмүт бермек", - деди Шерзамонов.

Саясат талдоочу Парвиз Муллоджанов Рустам Эмомалинин "маселени чечкен адам" деген имиджи анын бийликти качан, кантип колго аларына чоң таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айткан.

Макаланын автору Тажикстанда мындай өнүгүүлөр Түркмөнстанда Борбор Азияда биринчи болуп мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар президенттик шайлоого аттанып жаткан учурга туш келгенин эске салган.

Олимпиадада төгүлгөн көз жаш

Бээжиндеги Кышкы Олимпиаданын соңку күндөрүндө кыз-келиндер арасындагы көркөм муз тебүү мелдеши талкуу жараткан бир нече окуялар менен коштолду. 17-февралда жыйынтыкталган мелдеште алтын медалды орусиялык Анна Щербакова жана күмүш медалды анын мекендеши Александра Трусова алса, коло медалга жапониялык Каори Сакамото ээ болду.

Допинг чырына кабылган, адеп фаворит деп саналган 15 жаштагы башка бир орусиялык спортчу Камила Валиева жыйынтыктоочу бөлүктө бир нече жолу музга кулап түшүп, 4-орунду алып калды. Бийлеп бүткөндөн кийин анын көзүнөн жаш чыгып кеткен. Медиа айдыңында жана социалдык тармактарда машыктыруучу Этери Тутберидзенин маанайы түшкөн Валиевага салкын мамиле жасаганы чоң талкууга жем таштады.

Орусиялык спортчу Камила Валиева.
Орусиялык спортчу Камила Валиева.

18-февралда Би-Би-Си корпорациясы "Эл аралык олимпиада комитети: Камила Валиевага анын коштоочулары жасаган мамиле ичиркентет" деген макаласын жарыялады.

"Машыктыруучу Этери Тутберидзе 15 жаштагы спортчуну кучактаган жок, соороткон жок. Ал муз аянтынан чыгары менен "Эмне үчүн күрөшпөй койдуң?" деп сурады", - деп айтылат макалада.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах мелдешти телевизордон көрүп отуруп, "абдан тынчсызданып калганын", болгон окуялардан улам Камиланын жакын коштоочуларына карата ишенимге доо кеткенин айткан.

"Эң жакын коштоочулары аны сооротуп, жардам бергендин ордуна аны өтө суз кабыл алганы көргөн адамды ичиркентет", - деп айткан Бах.

Анын мындай сөзүнө Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Чернышенко кескин жооп берип, Томас Бах "орус атлеттери тууралуу өзүнүн ойдон чыгарылган пикирин Эл аралык олимпиада комитетинин позициясы катары сунуштап жатканы өкүнүчтүү" деп билдирди.

"Жеңишпи же жеңилүүбү, айтор, биз спортчуларыбыз мыкты экенин билебиз. Алар да аны билишет", - деп айткан Чернышенко.

Би-Би-Си мелдеш аяктагандан кийин Александра Трусованын күмүш медал алып калганына капаланып, катуу ыйлаганына да көңүл бурган.

"Мындан ары муну жасабайм. Мен бул спортту жек көрөм!", - деп ыйлаган Трусова.

Кантсе да, макалада айтылгандай, бул окуялар допинг чырына байланыштуу басымга карабастан Валиевага мелдешти улантууга уруксат берилгени жана Тутберидзенин машыктыруу ыкмалары талкуу жаратып жаткан учурда болду.

"Машыктыруу чоң упай топтогон спортчуларды жаратары шексиз. Бирок бейшембиде эки спортчу көз жашын төккөндөн кийин көпчүлүк мындай жыйынтык кандай жол менен келерине көңүл бурары бышык", - деп жазган Би-Би-Си.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG