Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Меделбек: Бээжин Олимпиадасында чектөөлөр көп


Бээжинде кышкы Олимпиада башталды.
Бээжинде кышкы Олимпиада башталды.

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды. Жалпы маанай, аны чагылдыруу жагы, коронавируска байланыштуу коопсуздук чаралары тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбек айтып берди.

- Руслан, Бээжиндеги Олимпиадада түзүлгөн шарттар, талаптар тууралуу айтып берсеңиз?

- Жалпысынан бул Олимпиада коронавируска каршы өтө катаал чектөөлөр менен өтүүдө. Калаага чыгып аралап жүрүүгө болбойт. Журналисттер үчүн атайын конок үй бөлүнгөн. Спортчулар жашай турган өзүнчө жай бар. Ал жайлардан тышкары чыгуу мүмкүн эмес. Мисалы, мен жайгашкан мейманкананын имараты курчалган. Сыртта эки, ичинде эки полиция кызматкери турат. Спорттук таймаштар өтө турган жерге атайын автобус менен гана бара алабыз. Автобус эч жерге токтобостон бизди жеткирип, кайра алып келет.

Күн сайын коронавируска ПЧР тест тапшырууга милдеттүүбүз. Эгер кимдир бирөөдөн вирус табылса, ал дароо мейманканага кайтуусу зарыл жана ага экинчи тест тапшыртышат. Экинчи тесттин жыйынтыгы чыкканча конок үйдөн эч жакка чыкпай отуруу зарыл. Эгер экинчи жолкусунда коронавирус табылбаса, кайрадан чыга берсе болот.

Руслан Меделбек.
Руслан Меделбек.

Ал эми эгер анализи таза эмес чыгып калса, анда ал киши бөлмөдөн чыкпашы керек жана бөлмөгө эскертүү жазып кетишет. Эки тесттен тең коронавирус табылган кишини обочолонтуп алып кетишет. Симптомдор табылса, ооруканага жаткырышат. Эгер спортчунун анализи ооруга позитив чыкса, анда ал ошол күнү жарышка катышпайт. Ошентип, изоляцияда калбаш үчүн адамдын эки тести тең таза чыгышы керек.

Жалпысынан айтканда, шаар суук. Жарыштар Бээжинден тышкары эки, жалпысынан үч шаарда өтүп жатат. Бээжин менен ал аймактын аралыгы 150 чакырым. Азыр күн сайын ондогон адамдан вирус табылып жатат. Билишимче, бүгүнкү күндө төрт журналист байкоо алдында жатат. Мындай чектөөлөр Токио Олимпиадасында болгон эмес эле. Анда күндө тест тапшырчы эмеспиз, үч күндө бир жолу гана. Чектөө өтө көп. Коркунуч да көп. Таң эрте тапшырган тестиң таза эмес чыкса, бүт аракетиң, ишиң талаада калат. Жабык Олимпиада болуп жатат, кыскасы. Беткап чечүүгө болбойт. Колду улам антисептик менен тазалап туруу зарыл.

- Мындай шартта сиздер журналист катары маалыматты кантип чогултуп, кантип иштеп жатасыздар?

- Мелдештерден кийин спортчулардан интервью алса болот. Бирок, ортодогу аралык 2 метр болушу шарт. Журналисттер үчүн атайын пресс залда айнек менен бөлүнгөн бир орундукта бир адам гана отура алат. Тамак иче турган жерлердин баарында да айнек тосмо, бир адам жалгыз гана отура алат.

- Расмий делегациялар менен жолугуп, маалымат алуу пландалганбы?

- Жок. Эгер басма сөз жыйындары болсо, баары Zoom аркылуу өтөт. Медал алган спортчу пресс-конференциясын делегациянын өкүлдөрү менен бирге өткөрөм десе, ал да Zoom аркылуу гана болот.

- Башка аймактарга салыштырганда кышкы оюндарга Борбор Азия аймагынан дайыма аз спортчу катышат. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

- Борбор Азия аймагында кар бар өлкөлөрдүн бири - Кыргызстан менен Казакстан. Биринчиден, кышкы спорт кымбат. Күрөшкө окшоп мелдештерди бир килем төшөп коюп уюштура бере албайсың. Мисалы, Кыргызстандан бир гана спортчу келгени, бул спорттон өлкө эч качан медал албаганы – экономикалык абалдын көрсөткүчү. Эгер медал алабыз десе, мамлекет кышкы спортко көңүл бурушу керек. Дагы бир фактор – спорттун бул түрүнө жаштар арасындагы кызыгуунун жоктугу. Кышкы спорт Борбор Азия элдеринде анча жайылган эмес. Ата-энелер балдарын бокско же күрөшкө көбүрөөк алып барышат. Коньки, чаңгы жана алардын шаймандарын сатып алууга элдин чамасы жетпейт. Таймаштарга, Олимпиадага катышуу укугун алыш үчүн өтө көп каржы кетет.

Казакстанда өтө көп каржы бөлүнөт, бирок резерв жок. Себеби, бир спортчуга гана көңүл бөлүнө берет. Мисалы, 2014-жылы Денис Тен Олимпиадада медаль алганда бүткүл күч ошол спортчуга гана жумшалган. Ал каза болуп калгандан кийин андай ийгилик жарата алгандар чыккан жок.

Кыздардан Элизабет Турсынбаева бар экенин билесиздер. Анын апасы кыргыз Ал Казакстанга келип, казактардын атынан катыша баштады. Казакстан ага өтө көп каржы бөлдү. Канадага барып машыгууга, андан кийин Орусияда мыкты машыктыруучулар менен иштешүүгө акча бөлдү. Ал жараат алып, спорттон кеткенден кийин азыр көркөм муз тебүү боюнча Казакстандан эч ким жок. Бир спортчуга гана көңүл бурулуп, каржы бөлүнүп, башкалар көлөкөдө кала бергендиктен кышкы спорт Казакстанда канча каражат бөлүнсө да натыйжа көрсөтө албай жатат.

Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан үчүн кышкы спорт Кыргызстан сыяктуу жагдайда деп ойлойм. Элдин көбү балдарын спорттун күрөш, дзюдо, таэквандо, карате деген түрлөрүнө беришет. Бул өлкөлөрдө кышкы спортко кызыгуу пайда болушу үчүн бир спортчу бүт элге таанымал болуп кетүүсү зарыл. Мисалы, бир спортчу чаңгы спортунан Олимпиадада медал алуусу керек. Ошондо гана адамдар балдарын чаңгыга бере баштайт. Ушундай бир фактор бар.

- Аймактан бул Олимпиадага бул канча спортчу катышып жатат?

- Катышып жаткан өлкөлөр арасынан Өзбекстандан бир, Кыргызстандан бир, Казакстандан 34 спортчу бар. Тажикстан менен Түркмөнстандан эч ким жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG