Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Бээжин Олимпиадасына барган атлеттерди коронавирус тооруду


Орусияда бир суткада коронавирусту жугузуп алган 124 миң киши аныкталды. Бул – дагы бир антирекорд болуп калды. Ал тапта Кытайда кышкы Олимпиадага катышкан спортчулар, машыктыруучулар жана башка команда мүчөлөрү арасында COVID-19дун дагы бир нече учуру катталды.

31-январдагы маалыматка караганда, Орусияда бир суткада коронавирусту жугузуп алган 124 миң киши аныкталды. Пандемия башталгандан бери мынча көп учур каттала элек болчу. COVID-19 менен күрөшүү штабы илдеттен 621 киши көз жумганын билдирди. Штабдын маалыматында каза тапкандардын жалпы саны 329 миңге жеткени айтылганы менен, мамлекеттик статистика кызматы – "Росстат" эки эсе көп санды келтирет.

Орусияда бир катар башка өлкөлөрдөй эле ушу тапта вирустун "омикрон" варианты үстөмдүк кылууда. Адистер эмдөөнүн солгун жүрүшү да бейтаптардын көбөйүшүнө салым кошуп жатканын айтышат.

Ал арада 30-январда Кытайда кышкы Олимпиадага катышкан спортчулар, машыктыруучулар жана делегациялардын башка мүчөлөрү арасында коронавирустун дагы 37 учуру катталды. Анын алдынкы күнү COVID-19га чалдыккан 34 киши аныкталган.

Жекшембиде Бээжин аэропортуна келгенден кийин тапшырылган анализдер 28 кишиде вирус табылганын көрсөттү. Алардын сегизи жарышка катыша турган атлеттер же команда мүчөлөрү болуп чыкты. Кытай бийлиги ири спорттук иш-чаранын ачылышына саналуу күн калганда санитардык катаң чараларды көрүп жатат.

Олимпиаданын катышуучулары, аларды коштоп келген делегация мүчөлөрү, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү калың элге аралашпай, обочодо болууга тийиш. Командалар Олимпиада кыштагындагы жашаган жерлеринен мелдештер өтчү стадиондорго атайын бөлүнгөн транспорт менен бара алышат. Бирок башка жерлерде ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынган.

COVID-19 менен жашоону үйрөнүш керек деген башка көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, Кытай дээрлик бардык эл аралык рейстерди токтотуп, коронавирустун бир да учуру катталбашы керек деген саясат жүргүзүп келет.

Атлеттер жана командалар шаарга чартердик рейстер менен түз барууга тийиш деген шарт коюлган. Оюндарга тиешеси бар адамдар күн сайын анализ тапшырып турушат.

Мындай катаң чараларга карабай спортчулардын арасынан вирусту жугузуп алгандар катталып келатат. Айрымдары Кытайдын башкалаасына жуп учаарда илдетке кабылганы белгилүү болду. Арасында күчтүү, жеңишке жетиши мүмкүн деген атлеттер бар.

Бээжин Олимпиадасына 95 өлкөдөн 4 миңдей спортчу катышат. Оюндардын ачылыш аземи 4-февралда болуп, мелдештер 28-февралга чейин уланмакчы.

Бир топ өлкөлөрдө коронавирус жугузгандар көбөйүп жатканына карабай дем алыштарда Европа, Канада, Латын Америкасында чектөөлөргө, эмдөө сертификатынын киргизилишине каршы нааразылык акциялар өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG