Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

"Бир айдан бери ооруп жатабыз". "Омикрон" штаммынын кесепети


Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы.
Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирустан беш киши каза болду. Ооруну жуктуруп алгандар жана андан көз жумгандар январь айынын экинчи жарымында мурдагы айларга салыштырмалуу бир нече эсе өскөн.

Адистер СOVID-19дун кесепетинен жабыр тартып, ден соолугун чыңдай албай жаткандар да барган сайын көбөйгөнүн белгилеп келет.

Бишкектин тургуну Элвира Какиева 3-январдан бери вирустун "омикрон" штаммына окшош белгилер менен ооруп жатат. Ал улам айыгып бара жатып эле кайра башы ооруп, тердеп кыйналгандыктан кийинки жумада невролог дарыгерге барууну пландап жатканын айтты.

"Мени менен жашаган эжем анализ тапшырса, коронавирус чыкты. Январдын алгачкы күндөрү эле. Ага оору жуккандан кийин эле бизге деле жукту го деп, изоляцияда болдук. Анан эле ооруп баштадык. Биринчи дарыгерге кайрылган жокпуз. Үйдөн эле сасык тумоонун дарыларын ичтик. Догдурубузга чалсак, сасык тумоодой болуп өтүп жатса үйдөн эле дарылана бергиле деди. Анан бир апта дарыландык, айыгып деле калганбыз. Оору кайра уулума жугуп калды. Ал айыгар замат кайра мага жукту. Ушинтип эле бир айга чукул убакыттын бери кыйналып жатабыз. Анан бул оору кичине басылгансып калат экен, кайра эртеси баш ооруйт. Негизи баш ооруганда уктап, эс алса айыгып калат го, мында уктап турсам деле ооруйт, тердейм. Чыйрыккансып, дене табым көтөрүлгөндөй эле боло берет".

Акыркы сегиз күндө 25 адам каза болду

Коронавирустун "омикрон" штаммы өлкөдө аныкталгандан бери ооруну жуктургандар жана вирустан каза болгондор көбөйүүдө. Алсак, 20-январдан тарта акыркы сегиз күндүн ичинде 5 293 адамга вирус жугуп, 25 киши андан көз жумду.

Коронавирусту дарылоонун Москва протоколунун авторлорунун бири Амир Талипов "омикрон" штаммынын өзгөчөлүгү тууралуу буларга токтолду:

"Омикрон" коронавирустун буга чейинки башка штаммдарындай эле адамдын организминде күтүүсүз өзгөрүүлөрдү алып келип, толкун түрүндө өтөт экен. Бир адамдын ооруганы экинчисине такыр окшобой жатат. Кээ бирөө эки-үч күн ооруп эле, дары ичпей айыгып кетсе, айрымдар дене табы жогорулап, аны түшүрүүчү каражаттарды ичип эле жакшы болуп кетип жатат. Бирок, катуу ооруп калгандар, ар кандай өнөкөт дарттары козголгондор да болууда. Бактериялык, аутоиммундук оорулар келип чыгууда. COVID-19дун башка штаммдарындай эле ар бир бейтапка өзгөчө мамиле жасалып, ар түрдүү анализдер талап кылынууда".

Жүрөк оорулууларда өлүм көрсөткүчү 19% өстү

Азыркы тапта Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө бейтаптар толуп калган. Акыркы эки жылда жүрөк-кан тамыр ооруларынын курч формалары көбөйүүдө.

Кардиологдор 2019-жылга салыштырмалуу 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан болжол менен 6 миңден ашык адам каза болгонун айтышууда.

Профессор-кардиолог Акбай Сарыбаев 2021-жылы өлкөдө өлүм көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 17% өскөнүн, ал эми жүрөк ооруларынан каза болгондор 19% көбөйгөнүн белгилейт.

"Жүрөк-кан тамыр дартынан жабыркагандар жана кант диабети менен ооругандар коронавирустун оор формасына көбүрөөк чалдыгууда. Алардын арасында өлүм да көп катталууда. Мисалы, дени сак, бирок коронавирус жуккан 100 адамдын экөө эле оор абалда реанимацияга түшүп, же өлүмгө учурашы мүмкүн. Өнөкөт дарты бар адамдарда бул көрсөткүч сегиз кишиден 12ге чейин жетүүдө. Алар кыйналып, каза болуп калышы ыктымал. Ошондо жүрөк оорулуу, кан басымы бар же кант диабети менен жабыркагандар арасында COVID-19 вирусунан өлүү деңгээли 12% чейин. Албетте, бул өтө кооптуу көрсөткүч. Ошондуктан өнөкөт оорусу барлар өз ден соолугуна көз салганы дурус. Эгер вирус жугуп калса, дароо догдурга кайрылып, дарыгердин көзөмөлүндө турганы оң. Өз алдынча дарылануу да өнөкөт оорусу барлар үчүн кооптуу".


Коронавирус ошондой эле неврологиялык ооруларды козгоодо. Бир жыл же бир нече ай мурда вирусту жуктуруп, айыккандар токтобогон баш оору сыяктуу неврологиялык дарттар менен жабыркап жатат.

Мындай пикирин Улуттук госпиталдын башкы неврологу Жамалбек Тургумбаев билдирди.

"Коронавирус болгон бейтаптардын четтик жана борбордук нерв системасы жапа чегип жатат. Неврит, невралгия сыяктуу белгилер менен четтик нерв системасы ооруп келгендер болууда. Ал эми жүлүн менен мээсине вирустан соң доо кеткендер да көбөйдү. Вирустун курамындагы токсиндер (уулуу заттардын) айынан жана кан айлануу системасы бузулгандыктан бейтаптар аябай көп кайрылып жатпайбы. Мээ, жүлүн, четтик нерв системасы жапа чеккендер аябай эле көбөйдү".

Улуттук статистика комитетинин акыркы төрт жылда өлкөдөгү адам өлүмүнө байланыштуу сандарына көз чаптырсак, 2021-жылы 42 298 кыргызстандык көз жумган. Коронавирустан каза болгондор азыр жалпы 2 800дөн ашты. Бирок, эгер былтыркы өлүм статистикасын мурдагы үч жылга салыштыра келгенде былтыр 10 миңдей адамга көп өлүм катталганын көрсө болот. Маселен, 2019-жылы 33 295, 2018-жылы 32 989 киши каза болгон.

Өлүм жана оорунун көбөйгөнү изилдене элек

Өлүмдүн көбөйүү себебин кыргызстандык дарыгер окумуштуулар анализдедиби? Мында коронавирустун салымы канчалык? Бул суроого Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов мындай жооп берди.

"Саламаттык сактоо системасындагы жалпы статистикага көз чаптырсак, 2019-жылга салыштырмалуу өлүм саны 6 миңге көбөйгөнүн байкаса болот. Коронавирус жалпы адамзаттын иммунитетин түшүрдү. Ошого байланыштуу башка оорулардан да каза болгондор арбыды. Эми буга вирустун кыйыр таасири бар десек болот. Мындай иликтөөлөрдү айрым өлкөлөр жасаганы менен бизде азырынча вирустун кыргызстандыктардын саламаттыгына тийгизген таасирин изилдөө тууралуу сөз боло элек".

29-январда Кыргызстанда 398 адам коронавирус жуктуруп алганы расмий тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте - 227 адам, Чүйдө -115, Ысык-Көл облусунда -24, Баткенде -13, Жалал-Абадда 12, Таласта -4, Ош облусунда -2, Ош шаарында -бир адам. Нарында илдет жуктургандар катталган жок.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, ушул тапта 1086 бейтап ооруканада, 5974 адам үйүндө дарыланып жатат.

2020-жылдын 18-мартынан берки убакта Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 197 845 адамга жетти. 186 386 бейтап сакайды.

29-январга карата коронавирус илдетинен беш адам көз жумду. Алардын баары Бишкекте катталды. Ушуну менен вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны - 2872 адам болду.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 илдети кыска убакытта дүйнөгө тарап, 5,6 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды. 28-январга карата дүйнөдө коронавирус 366 миллион адамга жукту, 5,64 миллион киши көз жумду. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жуктургандар менен өлүм саны бул цифралардан алда канча жогору болушу мүмкүн экенин эскертип келет.

"Омикрондон" кантип коргонсо болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG