Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 370 жаңы учур катталды


26-январга карата Кыргызстанда коронавирус 370 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (243).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 196 миңден ашты, 2858 бейтап каза болду.

Ушул күндөрү 1118 бейтап ооруканаларда, 6583 адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Министрлик жашы алтымыштан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG