Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Шайлоо: Сот Рыскелди Момбековдун арызын канааттандырган жок


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Бишкек шаарынын административдик соту Рыскелди Момбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Буга анын жогорку кесиптик билими тууралуу алган дипломун УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон.

Момбеков БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган. Анын дипломуна байланыштуу маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.

Саясатчынын БШКдагы өкүлү 2020-жылы октябрь окуяларында анын парламенттеги кабинетинен дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан. Ал бул маалыматты 20-январда да кайталады.

Момбеков былтыр анын талапкерлигин жокко чыгарган Боршайкомдун чечимине каршы Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирген жана былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал жасалма диплом тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-январдан тарта өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу документтери текшерилерин жарыялаган.

2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов округу боюнча “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG