Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

ТИМ Йемендин ракеталык чабуулдарын айыптады


Йемендеги абал.
Йемендеги абал.

Тышкы иштер министрлиги 23-24-январда Жакынкы Чыгыштагы Йемендин аймагынан Сауд Арабия падышачылыгынын Жизан жана Дахран-ал-Жануб шаарларына жасалган ракеталык чабуулду кескин айыптады.

Бул чабуулдан жайкын тургундар жабыркап, инфратүзүмгө зыян келтирилгенине терең тынчсыздануусун билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Министрлик зомбулуктун күчөшүнө жана аймактагы кырдаалдын туруксуздашуусуна алып келип, жарандык калктын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген бул аракеттерди жана уланып жаткан чабуулду кескин айыптайт. Министрлик достук мамиледеги Сауд Арабиясынын элин жана өкмөтүн колдой турганын билдирет, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Хуситтер менен күрөшүп жаткан Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 18-январда Йеменге абадан сокку урган. Хуситтер көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Йемендин борборунда кеминде 20 адам, анын ичинде медиктер жана жайкын тургундар каза болгонун билдирди.

Аба соккулары хуситтердин 17-январдагы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учкучсуз аппараттардан жана ракеталардан аткылаганына жооп болду. Бул күнү Абу-Дабиге жасалган эки чабуулга Иран менен байланышкан хусит топтору жоопкерчилик алды. Анда эки киши каза тапкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG