Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Коронавирустан дагы беш киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-январга карата Кыргызстанда коронавирус 356 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (216).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы беш бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирус жуккандардын жалпы саны 197 миңден ашты, 2867 бейтап каза болду.

Бир суткада 604 адам айыгып чыкты. Ушул күндөрү 1100дөн ашуун бейтап ооруканаларда, 6 миңдей адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Министрлик жашы алтымыштан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG