Бээжин уйгур спортчуну "саясий куралга" айландырды
Динигеер Йиламуцзян (солдо) жана Цзяфэн Чжао (оңдо) Олимпиада отун көтөрүп бара жатышат. Бээжин, 4-февраль, 2022-жыл.
Кытайлык уйгур тектүү чаңгычы Динигеер Йиламуцзян Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында байгелүү орунду албаганы менен дүйнөлүк маалымат каражаттарынын назарына илинди.
Бээжин Олимпиадасы "Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарга кысым күчөп жатат" деген дооматтар жана Батыштын сыны күчөгөн шартта өтүүдө. АКШ, Улуу Британия, Канада, Эстония, Жапония жана Австралия Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялап, Бээжинге расмий делегациясын жөнөтүүдөн баш тарткан.
4-февралда Бээжинде өткөн Олимп оюндарынын ачылыш аземинде уйгур тектүү чаңгычы Динигеер Йиламуцзян менен кытай биатлонисти Цзяфэн Чжао Олимпиада отун күйгүзүштү. Негизи бул миссия дүйнөгө белгилүү спортчуларга, чемпиондорго, эмгеги сиңген атактууларга берилет. Кытай бийлиги мында бул жөрөлгөнү Олимпиадага биринчи жолу катышып жаткан уйгур спортчусуна тапшырды.
Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоо маселесин көтөргөн Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгресси 20 жаштагы Динигеeрдин бул миссиясын "саясий пропаганда" деп атады.
Зумретай Аркин.
"Кытай Олимпиада оюндарын саясатташтырып жатат. Биз бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетине эскерткенбиз. Бирок алар бизди уккусу келбейт. Шинжаңда мусулмандарга каршы геноцид уланып жатканда уйгур спортчусун колдонгону коркунучтуу көрүнүш. Муну Кытай бийлигинин "биз силерди көзөмөлдөйбүз жана каалаганыбызды кыла алабыз" деген билдирүүсү катары кабыл алабыз", - деди Уйгур Конгрессинин өкүлү Зумретай Аркин Guardian басылмасына берген маегинде.
Кышкы Олимпиада: жасалма кар жана чектөөлөр
1/17Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылуу аземи.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
2/17Бээжин Олимпиадасында кышкы оюндардын тарыхында биринчи жолу жалаң жасалма кар колдонулуп жатат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
3/17Бээжин шаарындагы Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы. Кыргызстандын желегин Максим Гордеев көтөрүп чыкты..
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
4/17Максим Гордеев Бээжин Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан жалгыз катышып жатат. Ал лыжа спортунан жарышка чыгат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
5/17Кытай Эл Республикасынын курама командасы параддан өтүп бара жатат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
6/17Кытайдын лидери Си Цзинпин.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
7/17"Куш уясы" деп аталган Бээжин шаарындагы улуттук стадиондо желбиреген Кыргызстандын желеги.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
8/17Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Оюнга 20дай өлкөнүн президенттери келди.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
9/17Казак спортчулары.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
10/17Олимпиада-2022 иш-чарасынын бюджети 4 миллиард долларды түзгөн. Айрым басылмалар жумшалган каражаттын чыныгы көлөмү мындан он эсе көп экенин жазып жатышат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
11/174-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
12/17Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулардын жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
13/17Олимп оюндарында спорттун 15 дисциплинасы боюнча 109 комплект медал ойнотулат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
14/17
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
15/17Кытайдагы адам укуктарынын жапырт бузулушуна байланыштуу АКШ, андан кийин башка өлкөлөр Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
16/17Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир нече өлкөнүн мамлекет башчылары келишти. Путин оюндун ачылышынын алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде сүйлөшүү өткөрдү.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
17/17Допинг чырына байланыштуу орус спортчулары анда Орусиянын атынан эмес, өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин желеги менен чыкты. WADA уюмунун санкциясына байланыштуу аларды сыйлоо аземинде Орусиянын гимни эмес, Пётр Чайковскийдин композициясы жаңырып турат.
4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.
Артка
Алдыга
Гонконг университетинин тарых боюнча профессору Сюй Гуоци Wall Street Journal басылмасына Кытай бийлигинин уйгур чаңгычыга Олимпиада отун жандыртканын “атайылап жасалган иш” деп баалады:
"Уйгур спортчусун тандоо менен Кытай дүйнөгө "Силердин айткандарыңардын баары чындыкка дал келбейт" деп айткысы келет", - деди ал.
Ал эми "Уйгурларды мажбурлап иштетүүнү токтотуу" коалициясынын мүчөсү Беннетт Фриман Бээжиндин ачылыш аземиндеги аракеттерин “Кытайдын адаттагы шылдыңы” деп сындады.
5-февралда Бээжинде өткөн маалымат жыйынында Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс уйгур спортчуга байланышкан суроого жооп берип жатып, "факелди көтөргөн спортчуну тандоодо анын улутуна маани берилбейт" деп билдирди:
"Ал Олимпиадага катыша турган спортчу. Ал кайдан келгенине, кайсы жерде чоңоюп-өскөнүнө карабай, Олимпиадага жана ачылыш аземине катышууга укуктуу".
Линда Томас-Гринфилд.
Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Кытай Олимпиада отун күйгүзүүгө уйгур атлетти тандоо менен коомчулуктун көңүлүн адам укуктарын бузуулардан алагды кылууну көздөй турганын билдирди.
Элчи “уйгурлар кыйноолорго туш болууда, алардын укуктары тебеленүүдө” деп баса белгиледи.
Ал 6-январда CNN телеканалынын эфиринде Вашингтон “Кытайда адамзатка каршы кылмыш жасалып жаткан деп айтып келатканын” кайталап, АКШ дагы ошол көз карашта экенин кошумчалады.
Ал арада Кытайдын чет өлкөдөгү элчилери, расмий өкүлдөрү жана бийликчил маалымат каражаттары Бээжинди уйгур тектүү спортчу кызга Олимпиада отун жандырууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн макташты.
Мисалы, Кытайдын Танзаниядагы башкы консулу Чан Жишен Динигер Йиламуцзяндын үй-бүлөсү Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин кол чаап көрүп жаткан жеринен тартылган видеону "Твиттерге" жарыялады.
Кытайдын Компартиясынын Global Times гезити Батыштын маалымат каражаттарын "тайкы ой жүгүртүп жатат" деп айыптады.
"Ар бир спортчу жашоосунда Олимпиада отун жагууну кыялданат. Кээ бир америкалык басылмалардын логикасына таянсак, "Кытай спортчуну өмүр бою кыялын орундатууга мажбурлады". Мындан өткөн кандай абсурд болушу мүмкүн?" - деп жазды Бээжинде чыккан гезит.
4-февралда Бээжиндеги Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи өтүп жаткан маалда дүйнөнүн бир катар шаарларында оюндарга каршы нааразылык акциялары уюштурулду. Түркиянын Стамбул, Канаданын Торонто, Чехиянын Прага шаарында активисттер оюндарды “геноцид олимпиадасы” деп атап, ага бойкот жарыялоого жана көрүүчүлөрдү оюндарды көрбөөгө чакырышты.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жубайы Пэн Лиюан менен Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң провинциясындагы жабык лагерледе 1 миллиондон ашык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү камалган. Расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын “терроризмге каршы күрөш”, ал эми лагерлерди “билим борбору” деп түшүндүргөн.
6-февралда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Андан кийин жарыяланган билдирүүдө БУУнун баш катчысы расмий Бээжин БУУнун жогорку комиссарларынын Кытайга, анын ичинде Шинжаңга кирүүсүнө уруксат берерине үмүттөнөрү айтылат.
Кытайдын курама командасы Кышкы Олимпиадага 263 спортчу менен катышууда. Алардын 87си кыз-келиндер. Бул ирет курама командада тибет, уйгур сыяктуу этностук улуттардан 20 атлет бар.
4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 комплект медал ойнотулат.