Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Кытайда “кезек күткөн” Борбор Азия лидерлери


Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенти Кытай лидери Си Цзиньпиндин чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуу иш-чарасында. Фото: Эрбол Султанбаев.
Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенти Кытай лидери Си Цзиньпиндин чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуу иш-чарасында. Фото: Эрбол Султанбаев.

Кытайга бири калбай барган Борбор Азия лидерлери, АКШнын бул чөлкөмгө карата стратегиясын жаңылоо чакырыгы жана Түркиянын Өзбекстандагы “жеңиши”. Соңку бир апта ичинде Борбор Азия тууралуу эл аралык басылмалар жазган макалаларга учкай токтолобуз.

4-февралда Eurasianet басылмасы “Борбор Азия лидерлери Бээжинде Си менен жолугууга кезек күтөт” деген макаласын жарыялады. Анда чөлкөмдөгү беш мамлекеттин лидерлеринин бири калбай Кытайдын баш калаасындагы Олимпиада оюндарынын ачылышына келгени айтылган.

“Борбор Азия лидерлери Бээжиндеги Кышкы Олимпиадага жарыяланган дипломатиялык бойкотко эч качан кошулбайт. Чөлкөмдүн соода жана инвестиция багытындагы негизги үмүтү болгон Кытайдын президенти Си Цзинпин менен бетме-бет жолугуу өтө кымбат турат”, - деп башталат макала.

Аны улай макалада Тажикстан менен Түркмөнстандан бир да спортчу Олимпиадага катышпаса да президенттери Кытайга барганы, Кыргызстан менен Өзбекстандан бирден гана спортчу кышкы оюндарга катышып жатканы, чөлкөмдөгү беш мамлекеттин ичинен Казакстан гана эң көп атлетти (34 спортчу) Бээжинге жөнөткөнү жазылган.

Eurasianet белгилегендей, пандемия башталгандан бери Кытайдын лидери Си Цзинпин бир дагы жолу өлкө сыртына чыккан жок. Ал өткөн айда Борбор Азия менен дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына арналган виртуалдык саммит өткөрдү.

25-январдагы бул жыйында Кытай лидери 2030-жылга карата Борбор Азия менен соода жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 70 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын айткан. Учурда чөлкөмдүн ири экономикалык коңшусу менен бир жылдык соодасы 1,5 миллиард доллардын гана тегерегинде.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров узактан бери алдыга жылбай жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Бээжиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү долбоору деп мүнөздөгөнүн, жакында Бишкек мультимиллиард доллардык бул долбоор боюнча Бээжинге документтерди жөнөткөнүн макаланын автору эске салган.

Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин виртуалдуу жыйыны, 25-январь 2022-жыл.
Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин виртуалдуу жыйыны, 25-январь 2022-жыл.

Ошондой эле макалада жети жыл мурда 2022-жылдагы Кышкы Олимпиаданы өткөрүү укугу үчүн Бээжин менен Алматы да атаандашканын, январь айынын башында Казакстандын эң чоң шаары өлкөнүн тарыхындагы эң ири нааразылыкты жана тополоңду баштан өткөргөнү жазылган.

Ошондой эле казак спортчуларынын былтыркы Жайкы Олимпиададагы көрсөткүчтөрү начар болуп калганы менен бийлик жаңы ийгиликтер болот деп ишендирип жатканы айтылган. Буга кошумча Eurasianet Кыргызстанда Олимпиадага катыша турган жалгыз спортчу Максим Гордеевдин формасы тууралуу соцтармактарда талкуу болгонун, бийлик өкүлдөрү анын формасы “картөшкөнүн мүшөгүнө окшош” деген сөздөрдү четке какканын, акырында спортчу кышкы оюндардын парадына башка форма менен чыкканын эскке салган.

АКШ Борбор Азиядан эмне күтөт?

2-февралда “Америка добушу” радиосу өз сайтына “Эксперттер АКШны Борбор Азия тууралуу стратегиясын жаңылоого үндөйт” деген макаласын жарыялады.

“Америкалык адистер Вашингтон өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийинки шартта Борбор Азия боюнча стратегиясын кайра карап чыгышы зарыл экенине кошулат. Бирок жаңы стратегия кандай форматта болушу керек деген маселеде пикирлер эки ача”, - деп жазат автор Навбахор Имамова.

Макалада АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Лесли Вигеринин комментарийи камтылган. Ал америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткени менен Борбор Азия стратегиялык жактан маанилүү экенин айткан.

“Соңку ондогон жылдардын ичинде көп нерселер өзгөрдү. Бирок биздин көп кырдуу максаттарыбыз ошол бойдон. Алар: суверендүүлүк, көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүк”, - деп белгилеген Вигери.

Мамдепартаменттин өкүлү Борбор Азиядагы беш мамлекеттин өз ара регионалдык кызматташтыгы бир катар маселелерди чечүүгө өбөлгө болорун айтып, Казакстандагы окуялар социалдык-экономикалык маселелер “туруксуздукка жол ачып коерун” күбөлөгөнүн, бул көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык коомдун ролу маанилүү экенин кошумчалаган.

Борбор Азиянын жана АКШнын дипломаттарынын Ташкенттеги жолугушуусу, 15-июль 2021-жыл.
Борбор Азиянын жана АКШнын дипломаттарынын Ташкенттеги жолугушуусу, 15-июль 2021-жыл.

АКШнын Казакстандагы жана Тажикстандагы мурдагы элчиси Ричард Хогланд Вашингтон “региондо Орусия менен Кытайдын таасирине каршы турууга” көңүл буруп жатканын билдирген. Хогланд АКШнын 1990-жылдардагы саясатында Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтсө, алар эркин рынокко ыңгайлашкан, демократиялуу мамлекетке айланат деген пикирлер үстөмдүк кылганын, чынында андай болбогонун, “бул таңкалычтуу эместигин” кошумчалаган.

“Узак жылдан бери репрессивдүү башкаруучулардын алдындагы жашаган борбор азиялыктар үчүн Батыштын жолу өтө чоочун болгон”, - деп айткан Хогланд. Ал келечекте Борбор Азия өлкөлөрү Москва, Бээжин, Брюссел жана Вашингтон менен мамилесин тең салмакташы үчүн тышкы басымга туруштук бере алгыдай болушу керектигин айткан.

“Карнеги” фондунун талдоочусу Женнифер Муртазашвили АКШнын Борбор Азия боюнча саясатында учурдагы реалдуулук эске алынбай жатканын USIP форумунда белгилеген. Анын пикиринде, Кошмо Штаттар Борбор Азияда конструктивдүү роль ойной алат, бирок ал үчүн чөлкөмдүн “муктаждыгын, каалоосун жана максаттарын” түшүнүшү керек.

Муртазашвили Вашингтонду Борбор Азия чөлкөмүнө Орусия менен Кытайдын призмасынан карабоого үндөгөн.

“Биз башка өлкөлөрдүн аракетине реакция жасагандын ордуна, активдүүрөөк болушубуз керек”, - деп айткан эксперт.

Ал чөлкөмдө коррупцияга каршы күрөш, билим берүү жана жаңы телчигип келе жаткан жарандык коомду колдоо маселесине көңүл бурууну сунуштаган.

Борбор Азия-Кавказ институтунун башчысы Фред Старр Америка чөлкөм менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкка маани бериши керек деген оюн менен бөлүшкөн. Анын айтымында, Борбор Азия сырттан эч ким кийлигишпей турган өз ара интеграциялык платформасы жок дүйнөдөгү жалгыз аймак жана Вашингтон чөлкөмдөгү бул багыттагы демилгелерди колдошу керек.

“C5+1 форматы жупуну. Концепциясы жакшы. Алар жолугуп турушат. Бирок Кытай менен Орусия кылып жаткандарга салыштырмалуу абдан пассивдүү”, - деп айткан Старр.

Түрк ишкерлеринин Өзбекстандагы ийгилиги

Daily Sabah басылмасы 2021-жылдын жыйынтыгы менен Түркия Өзбекстанда эң көп ишкана ачкан өлкөгө айланганын жазды. Түркиялык басылманын 3-февралдагы чакан макаласына ылайык, жалпысынан Өзбекстанда чет өлкөлүк капиталдын жардамы менен иштеп жаткан компаниялардын саны 13 700гө жетти. Алардын 1508и 2021-жылы ачылган.

Өзбекстан менен Түркиянын президенттери жана алардын жубайлары, Анкара, 2020-жылдын февраль айы.
Өзбекстан менен Түркиянын президенттери жана алардын жубайлары, Анкара, 2020-жылдын февраль айы.

Соңку бир жыл ичинде Өзбекстанда түркиялыктар 407, орусиялыктар 356, Кытай 266 ишкананын ачылышына көмөктөшкөн. 209 компания Казакстандан келген капиталдын, 97 ишкана түштүк кореялыктардын инвестициясы менен ачылган.

Daily Sabah бул макаласын Өзбекстандын Статистикалык комитетинин маалыматынын негизинде даярдаган.

Кантсе да Өзбекстанда бир жыл ичинде чет өлкөлүк капиталдын жардамы менен ачылган ишканалардын саны жагынан Түркия Орусиядан жана Кытайдан озуп чыкканы менен компаниялардын жалпы саны жагынан бул эки өлкөдөн артта турат.

Себеби учурда Өзбекстанда орус капиталы менен 2309, кытай акчасы менен 1927, түрктөрдүн инвестициясы менен 1882 ишкана иштеп жатат.

Макалада айтылгандай, былтыр Өзбекстанда чет өлкөлүктөр инвестиция салган бизнестердин саны 2020-жылга салыштырмалуу кеминде 18ге көбөйгөн.

“Түркия менен Өзбекстандын жакын мамилеси экономика тармагында да көрүнүп турат. Былтыр экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандумга кол коюлганы – мунун соңку бир мисалы”, - деп жазган Daily Sabah.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG