Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Борбор Азиядагы электрдин өчүшүнүн кесепети


Борбор Азия боюнча жарык өчкөн учур. Ташкент. 25-январь, 2022-жыл.
Борбор Азия боюнча жарык өчкөн учур. Ташкент. 25-январь, 2022-жыл.

Борбор Азия энергошакекчесиндеги авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда. Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында электр жарыгын берүү толугу менен калыбына келгенин билдирди. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын бир катар аймактарын жарыксыз калтырган авариянын себеби расмий түрдө айтыла элек.

25-январда бир учурда жарыксыз калган Борбор Азиядагы үч өлкө аймактык электр шакекчедеги авариянын кесепетин жоюу менен алек. Кыргызстандын бийлиги авариядан кийин бир нече саат ичинде ички шакекчени ишке киргизип, өлкө аймагында электр жарыгы толугу менен калыбына келгенин билдирүүдө. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда электр жарыгын берүүдө эч кандай маселе жок.

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

"Биздин техникалык кызматкерлердин аракети менен чыңалууну нөлдөн баштап көтөрүп, электр жарыгын элге берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болду. Бүгүн кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Түнкү саат 12ден баштап Бишкек шаарындагы Жылуулук тармагынын түтүктөрүнө ысык суу берип, эртең менен температуралык режим калыбына келди. Айрым үйлөрдө мүчүлүштүктөр бар. Аларга ыкчам топтор кире алышкан жок. Аны бүгүн кечке чейин толугу менен калыбына келтиребиз".

25-январда түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар аймактарын жарыксыз калтырган авариянын себеби жана ал кайсы өлкөнүн аймагында катталганы боюнча суроого расмий жооп жок.

Расмий Бишкек кырсык Кыргызстанда болбогонун билдирип жатат. Казакстан менен Өзбекстандын бийлиги олуттуу авариянын себептери боюнча эки ача версияны айтып жатышат. Маселен, Өзбекстандын Энергетика министрлиги электр жарыгы Казакстандын аймагындагы авариядан улам өчүп калганын билдирсе, казак бийлиги коңшулардын айынан болгон деп шектенүүдө.

Маалымат каражаттары "Борбор Азиядагы блэкаут" деп атаган авариянын себептерин мамлекеттер аралык комиссия иликтей турган болууда.

Бишкекте жарык жапырт өчкөн учур. 25-январь, 2022-жыл.
Бишкекте жарык жапырт өчкөн учур. 25-январь, 2022-жыл.

Бул комиссия үч өлкөдө тең электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилгенден кийин иштеп баштайт.

Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Кубанычбек Турдубаев авариянын болжолдуу себептери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

Кубанычбек Турдубаев
Кубанычбек Турдубаев

"Ар бир мамлекеттин ичинде электр жарыгын өндүрүү менен керектөө тең салмакта болуш керек. Эгерде кандайдыр-бир себеп менен генерация менен керектөөнүн айырмасы чоң болуп кетсе, ошол айырма коңшулаш мамлекеттердин энергосистемасына жүктөлөт. Азыр Казакстан түштүк жана түндүк электр тутумдарында ошондой тең салмаксыздык пайда болгонун айтып жатат. Эми муну мамлекет аралык комиссия аныктап чыгышы керек. Алар диспетчердик пункттардан эле токту (переток) караса аныкталат. Азыр кырсыктын себеби теориялык жактан ар бир мамлекетте болушу мүмкүн. Бирок аны такташ керек".

Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоду

Азыр эми Кыргызстанда ички энергетикалык шакекченин эсебинен электр жарыгы толугу менен берилүүдө. Өкмөт ири авариянын кесепети электр жарыгын өндүрүү менен керектөөгө эч кандай таасири жана кесепетин тийгизбейт деп ишендирүүдө.

Бирок соңку авариядан соң Кыргызстанга сырттан электр энергиясын импорттоо убактылуу үзгүлтүккө учураганы белгилүү болду. Муну энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттыкка» ырастады.

"Өзбекстанда маселе болуп жатканына байланыштуу ал өлкөдөн электр энергиясын импорт маселеси убактылуу токтотулуп турат. Системаны калыбына келтиргенден кийин берип баштайт. Казакстан менен бул жаатта алакабыз бар. Ал иштеп жатат. Ал эми Түркмөнстандан болсо, Өзбекстандагы система менен иштеп баштайбыз",- деди Бекмурзаев.

Кыргызстанда быйыл Токтогул суу сактагычына суу аз топтолгондуктан, аны үнөмдөө максатында кыргыз өкмөтү коңшулардан электр жарыгын алып жаткан эле.

Мурдагы энергетика министри Кубанычбек Турдубаев азыркыдай шартта Кыргызстан ички электр шакекчени колдонуу бир катар тобокелчиликтерди жаратарын айтууда:

"Азыркы учурда Токтогулдагы сууну сактап калуу үчүн Борбор Азиядагы бирдиктүү энергосистемага кошулуп, иш алпаруу керек. Андан башка мүмкүнчүлүк жок. Себеби, суу сактагычка суу аябай аз кирүүдө. Кийинки жылы кандай болору да белгисиз. Ошондуктан, келечекти ойлоп, азыртадан аракет көрүшүбүз керек".

Бирдиктүү энергошакекче деген эмне?

Борбор Азия аймагында бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келген. Бул шакекче чөлкөмдөгү беш өлкөнүн 83 станциясы бириккен. Андагы негизги ролду Токтогул ГЭСи ойногон.

Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон. Натыйжада, Тажикстан менен Түркмөнстан бул системадан чыгып кеткен.

Учурда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан дале болсо бир энергошакекчеде турат. Ал 500 кВ жана 220 кВ линиялары аркылуу иштөөдө. Мындан сырткары ар бир өлкө өз алдынча энергошакекчелерди түзгөн. Кыргызстанда бул иш 2015-жылы гана "Датка-Кемин" электр линиясынын бүткөрүлүшү менен камсыз болгон. Бирок Борбор Азиядагы энергошакекче ар кыл авариялык абалдын алдын алуу жана электр энергиянын алыш-беришин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Адистердин айтымында, мындай бирдиктүү система электр жарыгындагы жоготууларды азайтып, коопсуздукту камсыздайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG