Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Бишкек темир жол курулушун Бээжин менен талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтерди даярдап, Кытайдын кароосуна жөнөткөнү белгилүү болду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, темир жолдун долбоору февралда Кытайда талкууланат. Президент Садыр Жапаров февралда Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышууга бармакчы.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эксперттер жалпы Борбор Азия үчүн экономикалык-стратегиялык мааниси чоң деп айтып келет. Бирок, 20 жылдан ашуун убакыттан бери аны куруу аракети байкалган жок. Бул жолу кыргыз өкмөтү темир жолду куруу боюнча тиешелүү документтердин бардыгы Кытай тараптын кароосуна жөнөткөнүн айтууда.

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде темир жол боюнча эки тараптын сүйлөшүүсү февраль айында Кытайда өтөрүн ырастады.

“Биз өзүбүз жактан болгон документтерди Кытай тарапка өткөрүп бергенбиз. Алар азыр документти изилдеп жатат. Февраль айында биздин жетекчибиз Кытайга учат. Ошондо темир жол долбоору сүйлөшүлүп, бир чечимге келет деген ойдобуз. Чечим болгондон кийин толук маалымат беребиз”.

Темир жол тууралуу маселе Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык байланыштын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата 25-январдагы өлкө башчыларынын онлайн режимдеги саммитинде дагы көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров темир жолдун курулушу “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагындагы флагмандык долбоор болушу керектигин билдирген.

“Кыргызстан бул масштабдуу иш-чараны биргелешип ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ал акырында ар кайсы өлкөлөрдүн ынтымакта жанаша жашоосу жана ынтымагын өнүктүрүүгө багытталган. Ошол эле учурда “Бир алкак — бир жол” демилгеси бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык кайра түзүлүшү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Аймакта автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды ачуу боюнча биргелешкен инфраструктуралык программаларды натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы бүгүнкү күндүн талабы”, - деген президент Жапаров.

Буга чейин кыргыз президенти темир жолду куруу зарылдыгын Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында да белгилегени бар.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери биринчи жолу Кытайга барганы жатат. Мамлекет башчы Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам 24-январдан тартып аралыктан иштөө режимине өткөнү белгилүү болду.

3-5-февралга белгиленген Кытайга сапарынын алкагында президент Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Кайсыл аймак аркылуу өтөт?

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытайга жөнөтүлгөн темир жолдун долбоору жөнүндө маалыматтарды ачык айткан жок.

Бирок, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылы парламентте сүйлөп жатып, айрым жагдайларын айтып өткөн.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Өзбек тарап менен акыркы сүйлөшүүлөрдүн бардыгы бүттү. Министрлер тик учак менен айланып учуп, тийиштүү кагаздарды даярдады. Биз президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарын күтүп жатабыз. Кытай коронавируска байланыштуу ачылбай жатат. Ачылса, ошол сапарда бул маселенин тагдыры чечилет деп жатабыз. Акыркы маршруттардын бардыгы Кыргызстандын ичинде такталып бүттү. Биздин аймактан өтө турганы 280 чакырым экен. Анын 57 чакырымы тоннел болот. Дүйнө жүзүндө куруп жаткан компаниялардын бардыгы "курса, жасаса болот" деп жатышат. Каржы маселеси кандай болот, ошонун моделдерин иштеп жатабыз", - деген Жапаров.

Буга чейин темир жолдун курулушунун кечеңдеп жатышы темир жолдун эни жана багыты боюнча орток пикирдин табылбай жатканы менен түшүндүрүлүп келген.

Адистер Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтчү узундугу 280 чакырым" дегенине караганда Торугарт ашуусу аркылуу өткөн долбоор болушу мүмкүн дешет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун багыты Торугарт ашуусу аркылуу өтүшү мыйзам менен дагы бекитилген.

2001-жылы ошол кездеги депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Ишенбай Кадырбеков аталган темир жолго стратегиялык деген макам берген мыйзам жазып, президент Аскар Акаев ага кол койгон.

Мыйзамдын авторлорунун бири мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков темир жолду салуу демилгесинин жанданышын кубаттоодо.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

“Эгерде Садыр Жапаров президенттик кезинде долбоорду аягына чыгарса, жок дегенде баштап эле салса тарыхта калат. Кыргызстандын деңиз жолу жок, темир жолу туюк. Тышкы соодага мүмкүнчүлүк жок. Стамбулдан чыккан темир жолу Ирак, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстандан өтүп Кыргызстанга келип такалып турат. 280 чакырым жерди куруп койсо, бул жагы Шанхайга, бул жагы Стамбулга жол ачылат. Бул темир жол боюнча саясий эрк Акаевде, Бакиевде, Атамбаевде дагы бар болчу. Чечилбей келген маселе Өзбекстан бизге керектүү маршрутка макул болбой, өзүнө гана керектүү машрутту көргөзүп туруп алган. Казакстан дагы каршыбыз деп айтпаган менен курулбаса деген ой-пикирде болчу. Садыр Жапаров муну аягына жеткирсе баатырлык кылат”.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Темир жолдун энине келе турган болсок, Кытай 1435 миллиметрлик эл аралык стандартты колдонот. Ал эми Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн темир жолу 1520 миллиметрлик советтик стандартта.

Темир жолдун эни эки башка болгондуктан кыргыз-кытай же кыргыз-өзбек чек арасына вагондорду которчу станция курулушу шарт. Кыргызстандын баштапкы позициясы мындай станцияны Арпа өрөөнүнө куруу болчу, ал эми Кытай жүгүн түз Өзбекстанга жеткирүүнү көздөйт.

Соода жолун издеген Кыргызстан

Ушул маалда кыргыз бийлиги 2020-жылы пандемиядан кийин солгундаган кыргыз-кытай соода алакасын жандантуу аракетин көрүп жатат. Автомобил менен товар алып келүүдөгү көйгөйлөрдөн улам 2020-2021-жылдары Кытайдан жүк ташуу эселеп кыскарган.

Торугарт жана Эркечтам бекеттери аркылуу жүгү келбей калган соодагерлер Казакстан аркылуу темир жол менен жүктөрүн алып келүүгө аракет жасады. 2021-жылы февралда кыргызстандык ишкерлердин 47 контейнерлик товары жүктөлгөн поезддер Үрүмчүдөн Казакстан аркылуу Бишкекке келген.

Бирок Казакстандагы январдагы окуялар да Кыргызстандын товар ташуууда бул өлкөгө көз карандылыгын көрсөтүп, альтернативдүү багыттарды ачуусу зарылдыгын айкындады.

Кыргызстандагы Жүк ташуучулар ассосациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев темир жолдун мааниси тууралуу буларга токтолду.

“Казакстан Кытайдан эки темир жолун тартты. Андан тышкары өлкөсүнүн ичинде шакекче кылып темир жолун куруп жатат. Биз азыр жалгыз автомобиль жолу менен жүк ташып жатабыз. Мунун өндүрүмдүүлүгү аз. Эң көп дегенде 40 тонна жүк алат. Темир жолдо бир вагонго 60 тонна салып, бир поезд миңдеген тонна ташып жатпайбы. Жүктү жеткирүүнүн ылдамдуулугу өсөт, анда экономика дагы өсөт. Бийликтин кеч болсо дагы салганга киришип жатканы сүйүндүрөт”.

Долбоорду ким каржылайт?

Темир жолдун курулушундагы дагы бир маанилүү жагдай каражат маселеси.

Ачык маалыматтарга караганда Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жетип калды, анын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылчу акча.

Мындан улам темир жолду курууга Кыргызстан кандай шартта катышары талкуу жаратып келет. Темир жолдун чыгымы канча болоору боюнча азырынча так маалымат жок. Темир жолду курууга өтө чоң каражат жумшаларын айткан саясий эксперт Денис Бердаков долбоорго Кыргызстан карыз алып катышуусу мүмкүн эмес деген пикирде.

Денис Бердаков
Денис Бердаков

“Менин оюмча бул темир жол карызга курулбайт. Анткени бул өтө чоң сумма. 7-8 млрд. доллар жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондуктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же болбосо башка келишимдер менен курулушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстан темир жолдун курулушуна жерин гана берет жана темир жол өткөнү үчүн гана акча алып турат. Бул биз үчүн эң пайдалуу вариант. Кыргыз бийлиги азыр ушул вариантты сунуштап жатат”.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кытай менен чек арасы жок Өзбекстан үчүн өзгөчө маанилүү. Учурда Өзбекстан Кытайдан товарларын Кыргызстандын Эркечтам ашуусу аркылуу автоунаа менен ташыйт.

Ошол эле маалда эл аралык адистер Борбор Азия экономикаcынын Кытайдан көз карандылыгы барган сайын артып жатканына тынчсызданып, анын кесепетин да эскертип келет. Мындай жагдай өзгөчө пандемия шартында, чек аралар жабылганда да анык көрүндү.

Ал арада Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттерине алдыңкы үч жылда экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды.

Бул тууралуу 25-январда Борбор Азиянын беш мамлекети менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгына арналган онлайн саммитте белгилүү болду.

Кытай лидери быйыл коронавируска каршы 50 миллион доза вакцина берүүнү да убада кылды. Ал Бээжин вакцина өндүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG