Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Тажик ТИМинин талашка түшкөн билдирүүсү. Студенттердин коопсуздугу


Тажикстандан келип билим алган студенттердин көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетинде окуйт.
Тажикстандан келип билим алган студенттердин көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетинде окуйт.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган. Кыргызстандын ТИМи муну чагым деп атаган. Кыргызстанда жашаган этникалык тажиктер расмий Дүйшөмбүнүн соңку билдирүүсүндө айтылган айрым жагдайларды четке кагышууда. Коңшу өлкөнүн тышкы саясат мекемеси жарыялаган маалыматтардын чын-төгүнүн териштирүүгө аракет кылдык.

"Дипломатиялык кайым айтыш"

Чек арадагы куралдуу кол салуудан соң расмий Бишкек менен Дүйшөмбүнүн дипломатиялык кайым айтышы уланууда. Соңку күндөрү эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери бири бирин айыптаган бир нече расмий билдирүү таратты.

21-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Дүйшөмбүгө кайрылып, чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырды.

Анда коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин "чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрү жүргөнү, учкучсуз учактар менен аба мейкиндигин бузуп жатканы" тууралуу божомолдору чындыкка дал келбей турганын айтылат.

Ошондой эле эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары кол койгон тынчтык протоколунун бардык пункттарын кыргыз тарап аткарганы белгиленген.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстан чектеш аймактарда "чагым аракеттерин улантып жатканы" тууралуу билдирүү тараткан эле.

Мындан бир күн өткөн соң расмий Дүйшөмбү кайрадан билдирүү таратты. Бул жолу тажик тышкы саясат мекемеси "Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатат", - деп айыптады.

Анда Кыргызстандын аймагында кодулоо кабылды делген бир нече учурду мисал келтирген.

Алардын арасында бир катар тажик улутундагы жарандарга милиция басым кылып, айрымдарына күч колдогону айтылат. Жапа чеккендердин бири катары "18-сентябрда Ош облусунда белгисиз бирөөлөр “Азаттыктын” кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекованы сабап кетишкен" деп жазылган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүдөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салышкан.

Кыргызстандын ТИМи дароо жооп кайтырып, бул маалыматты четке какты.

Ошондой эле Кыргызстандагы бир нече көз карандысыз булактар четке какты. Анын алгачкысы Насибахон Давронбекова деген аялдын бар экени күмөн санатты.

Ал иштейт делген “Азаттык” радиосу дегеле мындай адам бул медиа иштебегенин расмий түрдө төгүнгө чыгарды.

Буга кошумча "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхонов Фейсбукка билдирүү таратып, "Тажикстандын ТИМи мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм" деп жазды. Ал 17-сентябрда Ош шаарынын башкы аянтында инцидент болгонун, бирок анын чоо-жайы башка экенин белгилеген.

Давронбек Насибханов Ош шаарында Баткен үчүн жардам штабынын ишин чагылдырып жүргөндө белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылганын 18-сентябрда “Азаттык” радиосуна билдирген.

23-сентябрда болсо Кыргызстандагы жашаган тажик диаспорасынын өкүлдөрү коңшу өлкөнүн дипломатиялык мекемеси тараткан билдирүүнү четке кагышты.

"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин мүчөсү Хуршид Хамрабаевдин айтымында, уюмга кодулоого кабылган адамдар жөнүндө эч кандай маалымат жок:

"Билдирүүдө айтылгандар калп. Анда басым, кысымдар болгон жок. Бизге кайрылуу да болгон жок. Аны байкаган жокпуз. Мен тажиктер жашаган айылдарга чалып, кабар алган учурда андай маалыматтар ырасталган жок",-деди.

"Кыргызстандагы тажиктер" мамлекеттик эмес коомдук бирикме.

"Студенттер кодулоого кабылдыбы?"

"Озоди" радиосу Кыргызстанда ондогон тажик студент өз өлкөсүнө чыгып кетүү үчүн жардам сурап, Тажикстандын бийлигине кайрылганын жазды.

"Ф.О. (аты-жөнү өзгөртүлдү) Ош университетинде окуйт. Ал башка мекендештери менен окуусун жатаканадан чыкпай улантып жатканын айтып берди. Университеттин жетекчилиги тажикстандык студенттерге жашаган жериңерден сыртка чыкпагыла деп кеңеш берген. 23-сентябрда медицина факультетинин студенти "лекцияларга аралыктан туруп катышып жатканын айтты", - деп жазды "Озоди" радиосу.

"Достук" чек ара бекети ачылса, Өзбекстандын аймагы аркылуу Тажикстанга өтүп барып, окуубузду үйдөн улантмакпыз. Бийликтегилер эч нерсе дебесе да, жергиликтүү элдин жемесине калып атабыз", - деп айткан ал журналисттерге.

Буга чейин Тажикстандын ТИМнин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын, студенттерди жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү да жарыяланган эле.

Соңку билдирүүдөн улам "Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстандын түштүгүндө жашап билим алган тажикстандык студенттерден кабар алып, баарлашып кайтты.

Тажикстандык студент Хуршид Ропов Кыргызстанда төрт жылдан бери жашап, окуйт. 14-16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан соң алар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн окууга барбай туруууну чечишкен. Муну алардын окуу жайындагы мугалимдер дагы кубаттап, тажикстандык студенттерди убактылуу окуудан бошотушкан. Хуршиддин айтымында азыр алар мугалимдери менен телефон аркылуу байланышып аралыктан билим алышууда.

“Окуя болгондон кийин бизге дароо деканаттан байланышып кабар беришти. Коопсуздук үчүн батирден чыкпай турууну айтышты. Тамак-аш жана башка нерселерди алып келип беребиз дешти. Алгач бардык Тажикстандан келген студенттердин жашаган жайларын аныктап, WhatsApp группа ачылды. Чек арадагы окуядан соң төрт күн эч жакка чыкпай отурдук. Тамак-аш баары жетиштүү эле болду. Азыр эми баары жайына келе баштады окшойт. Акырындап сыртка чыгып жатабыз. Үйдө отургандан көрө. Ош шаарына Тажикстандан келип билим алган 400гө жакын студент бар. Алардын көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде билим алышат.”

Хуршид билдиргендей, айрымдарынын ата-энелери чек арадагы чыр-чатактан улам кабатыр болуп балдарынын Тажикстанга кайтуусун айтышкан. Хуршид Ошто калып окууну улантууну каалагандар, үйүнө кайтып, ал жактан онлайн билим алгысы келгендер дагы бар дейт.

“Азаттык” андан Кыргызстандагы тажикстандык студенттерге коркутуу же өкүм-зордук болдубу деп сураганыбызда ал мындай деп жооп берди.

“Андай учурлар боло элек менин билишимче. Бирок интернетте ар ким ар кандай жазып чагым болуп жатат окшой. Бизде азырынча баары тынч. Биздин WhatsApp группабыз бар. Эгер көйгөйлөр болсо биздин ректор, декан жана мугалимдер ошол жакка жазгыла деп билдирген”

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын ТИМи чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялап, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип, тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG