Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Чек ара ортомчуларсыз чечилбейби?


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында, 20-сентябрь 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Тажикстандын аракеттерин өлкө бүтүндүгүнө кол салуу" деп атап, кыргыз-тажик чек ара кагылышын жөнгө салуу үчүн БУУ, ЕККУ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын ортомчулугуна даяр экенин билдирди.

Тажикстандын тышкы саясат мекемеси "кыргыз тарап кырдаалды курчутуп, чагымчылдыкка жол берип жатат" деген билдирүү таратты. Ал арада Баткендеги куралдуу кол салуунун себептери менен кесепеттерин иликтөө боюнча эл аралык комиссия чакыруу маселеси күн тартибине чыкты. Укук коргоочулар улуттук, чөлкөмдүк жана эл аралык укуктук механизмдердин негизинде кандуу окуяга баа берүү демилгесин көтөрүштү. Ал эми айрым аскерий эксперттер абал турукташканга чейин чек ара аймагындагы тынчтыкты сактоо үчүн БУУнун бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү сунуштоодо.

Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында соңку жана былтыркы кыргыз-тажик чек ара кагылыштарынын башкы себептерин атады. Ал 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы Кытай, Казакстан менен чек араларын тактап, Өзбекстан менен дагы аяктап калганын, бирок Тажикстан менен чек ара көйгөйү чечилбей келе жатканын белгиледи. Кыргызстандын президенти тажик бийлиги соңку жылдары чек араны саясий-дипломатиялык жолдор эмес, күч менен чечүүгө басым жасап жатканын айтты. Садыр Жапаров жетишилген макулдашууларга карабай, Кыргызстан былтыр жана быйыл эки ирет ири аскердик чабуулга дуушар болуп, оор жоготуулар болгонун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Нью-Йорк, АКШ. 20-сентябрь, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Нью-Йорк, АКШ. 20-сентябрь, 2022-жыл.

"Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер бар болчу. Ал эми ушул жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады".

Шарттары бузулган келишимдер

Президент Жапаров Тажикстан 1991-жылы КМШ өлкөлөрү чек аралардын бузулбастыгын жана аймактык бүтүндүгүн тааныган Алматы декларациясы менен 1994-жылдагы Москва декларациясын, ошондой эле ынак кошуналыкты бекиткен эки тараптуу келишимдерди бузганын белгиледи.

Ошондой эле чек арадагы кандуу кагылыш экинчи ирет кайталанып, өз ара ишеним солгундаган учурда кыргыз бийлиги маселени эл аралык ортомчулук аркылуу чечүүгө даяр экенин билдирди.

"Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткенин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз. Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз. Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз".

Тажикстанды агрессияга айыптаган Кыргызстандын президентинин билдирүүсүнөн соң Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап “чагымчылдыкты улантып, кырдаалды курчутуп жатат" деп билдирди. 21-сентябрда Дүйшөмбү тараткан билдирүүдө кыргыз тарап “аскерлерди жана оор аскердик техниканы аймактан чыгарбай, ага жакын жайгашкан калктуу конуштарында жашырып жатат" деп белгиленген. Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "тажик тарап негизсиз шектенүүлөрү менен майга от чачып жатканын, чек ара аймагынан аскерлерин жана оор аскер техникасын толук алып чыгып кетпегенин" белгилеп, билдирүү таратты.

Буга чейин тараптар ок атышууну толук токтотуу жана аскерлерди чек ара тилкелеринен алып чыгып кетүүнү макулдашкан жумушчу протоколго кол коюшкан болчу.

Тажикстандын башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугуп, тажик тарап Кыргызстан менен чек ара талашын саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар экенин айткан.

Анткен менен аскердик коопсуздук боюнча эксперт Мурат Бейшенов кыргыз-тажик чек ара жаңжалы тереңдеп кеткенин, эми аны чечүү үчүн эл аралык арачыларды жана бейпилдик күчтөрүн тартуу зарыл дейт.

"Биз тажик тарап менен алдыдагы беш жылда чек ара маселесин жөн эле тынчтык жолу менен таптакыр чече албайбыз. Маселе туюкка кептелди. Жер алмашуунун кайсы бир варианты болбосун, бардыгы четке кагылууда. Чечүү мүмкүн эмес. Эгер биздин президент БУУнун баш катчысынан эл аралык мандаты бар комиссияны жана бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү көшөрүп суранса гана жылыш болушу мүмкүн. Ансыз бул пайдасыз. Согуш башталып кете элегинде кырдаалды ооздуктап, БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн чектелген контингентин киргизүү маселеси көтөрүлүшү керек. Бул нерсе ЖККУ менен ШКУга чоң сокку болот. Бирок бизге азыр бейпилдик керек. БУУнун "жашыл каскачандары" убактылуу кирсе, ал жакта чек арада тозоттор коюлуп, эч ким ызы-чуу кыла албайт, маңзат ташуу, чек ара аткезчилиги азаят. Албетте, Орусия муну колдобойт. Себеби анын кызыкчылыгына каршы келет. А бирок Путин эмнеге Рахмонго үч ирет барып, аны менен күбүрөшүп жүрөт?".

Эл аралык укук эмне дейт?

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чек арадагы кандуу кыргын боюнча "Тынчтыкка каршы кылмыш" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мекеме аралык тергөө тобун түзүп, жеринде териштирүү иштери башталганын жарыялады. Бир топ жарандык коом өкүлдөрү БУУнун мандаты менен эл аралык иликтөө комиссиясын чакырууну жана Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөрүшүүдө.

"Тандем" юристер коомунун жетекчиси Таттуубүбү Эргешбаева эл аралык деңгээлге чейин улуттук жана чөлкөмдүк укук механизмдери ишке кириши керектигин билдирди.

Таттуубүбү Эргешбаева, "Тандем" юристтер коомунун төрайымы
Таттуубүбү Эргешбаева, "Тандем" юристтер коомунун төрайымы

"Биздин өкмөт чакырса, БУУнун мандаты менен эл аралык иликтөө комиссиясы түзүлүп, келип териштирүү жүргүзөт. Бирок ага чейин ички укуктук механизмдерди колдонушубуз абзел. Башкы прокуратура уюштурган мекемелер аралык тергөө тобу териштирүүнү өтө сапаттуу жүргүзүүгө тийиш. Анан ага чөлкөмдү механизмдер кошулат. Бул ЖККУнун алкагында кабыл алынган укуктук негиздемелер. Биринчи кезекте анын уставынын 3-беренесиндеги аймактык бүтүндүккө кол салбоо шарты бузулган. Андан соң эл аралык укуктук механизмдер иштей баштайт. Бул БУУнун алдындагы фактыларды аныктоочу Женева конвенциясы менен кылмыш сотунун шарттарын караган Гаага конвенциясы менен бекитилген эл аралык укуктук механизмдер. Ошондуктан бул окуяларды териштирип, аларга баа берүүдө үч тепкич боюнча аракеттенүү маанилүү".

Далилдер базасын чогултуу

Ошол эле кезде укук коргоочулар менен жарандык активисттер 14-17-сентябрь күндөрү Баткен облусунун аймагындагы элге, турак жайга жана социалдык объектилерге кол салууга байланыштуу материалдарды топтоп жатканы белгиленди.

Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова эксперттик топтор фактылар боюнча иштеп баштаганын айтты.

"Азыр биз ар бир окуя боюнча фактыларды документтештирүүнү баштадык. Буга байланыштуу универсалдык мониторинг жүргүзүү ыкмаларын дагы иштеп чыктык. Баткен облусунда толук кандуу маалыматтарды чогултуу үчүн сурамжылоо кагаздарын таратып бердик. Фактыларды документтештирүү үчүн тастыкталган жана так маалыматтар болушу шарт. Анын бардыгын топтоп, биз тиешелүү эл аралык уюмдардын кароосуна жиберебиз. Ал жактан дагы изилденип, тыянак чыгарылып, ага баа берилет".

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан кеминде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө чукулдады. Чек арадагы айрым айылдар өрттөлүп, ал жактан коопсуз жактарга жер оодаргандар 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 63 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Чатакташкан тараптардын курмандыктары менен жоготуулардын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG