Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

"Элзада котормочу болгусу келген". Окко учкан өмүрлөр


Чек арадагы жаңжалда ок жаңылган Элзада Мананова.
Чек арадагы жаңжалда ок жаңылган Элзада Мананова.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда карапайым тургундар катуу жапа чекти. Арасында атылган октон каза тапкан жана жараат алгандар бар. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда учурда Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда.

Алардын эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те экенин оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова ырастады.

"Ооруканага түшкөн балдардын баарына ок тийген. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген”, - деди ал.

Чек арадагы жаңжалда октон каза тапкан 15 жаштагы Элзада Мананова Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынан.

Чек ара тилкесиндеги айылдагылар 16-сентябрда ок атышуу башталганда үйүнөн качып чыккан. Ошол маалда үйдүн жанына снаряд түшүп, Элзадага чачырандысы тийгенин атасы Малик Мананов айтып берди.

"Кызым ал күнү кадимкидей эле сиңдисин жетелеп алып мектепке жөнөп жаткан. Мен дарбазанын жанында машинамды карап, иш кылып жаткам. Анан эле даң-дуң башталып калды. Машинага отургула, качтык десем эле кызым жок. Эч ким билбейт. Кийин көчөдөн таптык. Өзүм дагы түшүнбөй калдым... Баары эле ыйлайт. Кудайдын буйругу экен деп эле отурам эми. Кызымды үйдөн 150 метр алыс жерден таптым. Ал учурда кошуналар менен издеп, таппай койдук. Беш кыз, бир уулум бар. Элзада балдардын төртүнчүсү эле. Бир болсо кызым торпогун жакшы көрөт эле, ошого жүгүрүп барган окшойт. Кызым котормочу болом деп кыялданчу".

Атасынын айтымында Элзада 25-сентябрда 15ке жашка толмок.

Лейлектин Максат айылындагы талкаланган бала бакча. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Лейлектин Максат айылындагы талкаланган бала бакча. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Чек арадагы жаңжалда Лейлектин Кулунду, Максат, Интернационал, Оочу, Сада, Раззаков, Ак-Арык, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын миңдеген тургундары Сүлүктү жана Раззаков шаарларына эвакуацияланган. Ал эми Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент айылдарынын тургундары тоо тарапка Маргун айылына карай качты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрда чек арадагы кагылыштан улам 140 миң адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгонун маалымдаган. Алар Баткен, Лейлек районунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарынын тургундары.

"Бир тууган агам, анын кичүү баласы каза болду"

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Ак-Сай айылынын тургундары ата-бала - 57 жаштагы Муктарбек Зулпукаров жана анын 22 жаштагы уулу Мыктыбек Авроров каза болду.

Бул маалыматты маркумдун бир тууганы Алтынбек Авроров ырастады. Ал өзү Ак-Сайга жакын Капчыгай айылында турат. Соңку окуяда өзү жашаган айылдын дээрлик бардыгы талкаланганын айтып берди.

Чек арадагы жаңжалда Ак-Сай айылынын тургундары, ата-бала Муктарбек Зулпукаров менен Мыктыбек Авроров каза болду.
Чек арадагы жаңжалда Ак-Сай айылынын тургундары, ата-бала Муктарбек Зулпукаров менен Мыктыбек Авроров каза болду.

"Бир тууган агам, анын баласы каза болду. Агам мектепте кароол эле. Аны биринчи күнү эле өлтүрүп, өрттөп жибериптир. Каза болгон уулу кичүүсү эле. Баласын айылдын аягына чейин кууп келип атып салыптыр. Тун уулу мага чалып, "инимди атып салышты, атамдын телефонуна чалсам тажиктер алып жатат" деп ыйлап жиберди. Мен өзүм Капчыгай айылындагы чек арага чектеш үйдө турам. Отурсам эле тажиктер кирип келишти, араң качып кутулдум. Өзүмдүн жети балам бар. Ошол бойдон бир туугандарымды бала-чакамды көрө элекмин. Үч күн мурда Булак-Башыда атышуу болгон, Ворухтун үстүндө. Ошону билип туруп булар маани бербей коюшту. Үй-бүлөбүздү ошондо дагы алып чыгып, кийин тынч эле деп кайра алып келгенбиз".

Муктарбек Зулпукаровдун артында жубайы, бир уул, эки кызы калды.

Анын кичүү уулу, маркум Мыктыбек Авроров Баткенден Бишкекке жүргүнчү ташып иштеп келгенин досу Сардарбек айтып берди.

Мыктыбек Авроров.
Мыктыбек Авроров.

Сардарбек Үсөн уулу досу Мыктыбекке топурак салам деп Москвадан келиптир. Бирок кырдаалга байланыштуу айылга өтө албай, досун акыркы сапарга узата албай калганын айтып өксүдү.

"Мыктыбек эч кимге зыяны тийбеген, ак көңүл бала эле. Канчалаган ой-тилеги, максаттары бар эле... Жаман кабар жеткенде эле Москвадан билет алып, жаназасына туруп, жок дегенде топурак салганга жетишип калайын деп келгем. Бирок топурак салганга жетишпедим. Айылга өткөрбөй коюшту".

Ак-Сайдагы каргаша

Расмий маалыматтарга караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн.

"Быйылкы жаңы окуу жылына карата Ак-Сайда жаңы бала бакчаны пайдаланууга бердик эле. Ошол бакчаны жана мектепти да аткылап, талкалашкан. Биздин Көк-Таш - Тамдык жолундагы көпүрөнү да атайын жардырышты. Мындан тышкары мал-жандыктар уурдалган", - деди Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда.

Чек арадагы окуяда Ак-Сай айылынын дагы бир тургуну, ишкер 56 жаштагы Матиса Надыров өзү иштеткен тоок фермасында өлтүрүлгөнүн уулу Адилет айтып берди. Анын айтымында, атасынын ишканасы да өрттөлгөн. Маркумдун сөөгү 17-сентябрда жерге берилди.

Маркум Матиса Надыров буга чейин жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзү туулуп-өскөн жерден кетпей, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн дал ушул жерге ишкана ачканын айтып берген экен.

Чек арадагы окуяда каза болгон ишкер Матиса Надыров.
Чек арадагы окуяда каза болгон ишкер Матиса Надыров.

"Чек арадагы чырдан качып башка жакка курам деген ой болгон эмес. Ушул айылда жашашым керек, ушул жерге куруп, элге жумуш ордун ачышым керек", - деп айткан ал маегинде.

54 жаштагы Курбанбек Дубанаев дагы чек арадагы жаңжалда набыт болгон аксайлыктардын бири. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын эң улуусу, артында бир кызы калды

"Агам 16-сентябрда 54 жашка толду эле, ошол күнү туулган күнү болчу. Үйүмдү, жеримди сактап калам деп эки сааттай кармашыптыр жалгыз. Болбой калганда качып чыгып, артынан минометтон атылган снаряддын төрт чачырандысы тийген. Жалгыз кызы бар эле. Үй-жайы тыптыйпыл өрттөлүптүр. Жалгыз кызыңыз бар, Ош, Бишкек же Баткен шаарына үй-жай кылып коюңуз, бул жер кооптуу десек, макул болчу эмес. "Бул сөздү мага айтпагыла" дечү", - деп эскерди иниси Жеңишбек.

Курбанбек Дубанаев.
Курбанбек Дубанаев.

Биз менен байланышкан Жеңишбек Ак-Сайдан көп алыс эмес Бакай айылында турат. Ушул айылдагы үч бир тууганынын үйү дагы чек арадагы кол салууда күйүп кеткенин айтты.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG