Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Тажикстандын билдирүүлөрүнөн күмөн санаткан видеолор


Баткен шаарындагы снаряд түшкөн үйдүн чатыры, 17-сентбярь, 2022-жыл

Eurasianet сайты 17-сентябрда жарык көргөн макалада тажик өкмөтүнүн Кыргызстан менен чек ара урушу тууралуу билдирүүлөрүн бышыктабаган видео роликтер чыкканын жазды.

Макалада тажик бийлиги ондогон киши каза тапкан кан төгүүнүн өз версиясын адатка айлангандай өзү каалагандай ылгап бергени, эркин басма сөздү басмырлоого багытталган жылдардан берки репрессивдүү ыкмалар алардын окуяларды ачык-айкын чагылдыруу жөндөмүн кыйла чектеп койгону белгиленет.

Макалада кошуна өлкөнүн атайын кызматы кыргыз тарап "ок атышпоо келишимин бузганын жана тынч элге кол салганын" билдирип келгени айтылат. "Бирок, - деп улантат басылма, социалдык тармактарда тараган видеотасмалардын жардамы менен жеринде болуп жаткан окуялар жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгууда".

"Ошондой видеолордун көбү сыягы тажиктер тарабынан тартылган жана ал роликтер тажикстандык куралдуу топтор коргонууну көздөбөстөн, жер басып алууну максат кылат деген Кыргызстандын билдирүүлөрүн айгинелегендей", - деп жазат Eurasianet.

Андан ары видеолордун биринде тажик аскери Кыргызстандын Достук айылындагы мектепке өз өлкөсүнүн желегин илгенин, аны тартып аткан киши: “Кыргыз мектебинде тажик желеги желбиреп жатат. Жашасын, Тажикстан!” - деп кыйкырып турганын көрүнгөнү баяндалган. Ошол эле маалда сайт ал видеону көз карандысыз текшерүү мүмкүн эмес экенин белгилей кетти.

Макалада Кыргызстандын билдирүүлөрүн тастыктаган дагы бир видео тууралуу сөз болот. Атап айтканда, 15-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз чек ара бекетине чабуул коюуга "кара кийимчен сакалчан кишилердин тиешеси" жөнүндө билдирген. Эртеси социалдык тармактарда пайда болгон кыска видеодо ошол сүрөттөмөгө дал келген адамдар көрүнөт. Анда кээ бирлери кара футболка, башкалары камуфляж кийген тажиктердин тобу автоматтарын текшерип жатышат.

"Бирок, - деп улантат сайт, кадрлардан ал адамдар куралчан топтордун согушкерлериби же армиянын жоокерлериби жана видео качан тартылганын баамдоо мүмкүн эмес".

Eurasianet мисал келтирген дагы бир ролик Telegram каналында тараган. Анда камуфляжчан, бирок аскердик белгилери жок эркектердин тобу тик учакта куралдарын дүрмөттөгөнү көрүнүп турат. Макаланын автору алар кармашка аттанып жаткандай таасир калтырарын жазып, кайра эле ал качан тартылганын так аныктоо мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалайт.

Башка бир видеодо тажикче сүйлөгөн куралчан адамдар ээн калган айылда өрт чалган үйдү тартып жүрүшөт, бирөө ал “Ак-Сай айылы... бул жерге желегибизди илебиз” деп комментарийледи.

Макалада минометтон атып жатып, каткырып жүргөн тажик аскерлери тууралуу да айтылат.

Муну менен катар басма сөзү жана социалдык түйүндөр алда канча эркин жана активдүү кыргыз тараптан окуяларды чагылдырган видеолор аз чыкканы белгиленет. Аны УКМКнын коопсуздуктан улам фото жана видео материадарды жарыялабоо чакырыгы менен түшүндүрсө болот деп болжолдонот.

Eurasianet Тажикстандын Овчи Калача кыштагында бери дегенде карапайым кишинин сөөгү тартылган видео Телеграм каналында жарык көргөнүн жазат. Маркумдар эмнеден каза тапканы белгисиз, бирок ок жегени көрүнүп турганы айтылат. "Жергиликтүү тургундар айылды кыргызстандык дрондор аткылаганын айтып беришкени менен аны далилдеген видео материалдар азырынча жок", - деп жыйынтыктайт сайт.

“Чек ара жаңжалынан кыргызстандыктар көбүрөк жапа чегет”

TRT Haber каналы 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуларга кайрылып, СССРден мураска калган чек аралар этникалык, саясий, экономикалык жана маданий факторлорду эске албай чийилгендиктен 31 жылдан бери көз карандысыз мамлекеттер чатакташып келатканына басым жасаган.

Макалада эки өлкө чек ара талашын жөнгө салууга аракеттенгени менен географиялык, транспорттук, суу ресурстарына байланышкан маселелер тоскоол болуп келатканы айтылат. Көйгөйлөр арасында айыл чарба аянттарынын тартыштыгы, такталбаган аймактар, мыйзамсыз өткөөлдөр да тизмектелген.

Андан ары Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен Баткен облусу сүрөттөлүп, анклавдар, чек араларды кесип өткөн транспорт жолдору аткезчиликке жол ачканы, талаштуу тилкелер көп экени айтылат. Макалада белгиленгендей, кыргыз калктуу айылдар Тажикстанга абдан жакын жайгашкандыктан, чек ара жаңжалдарынан кыргызстандыктар көбүрөк жапа чегет.

Акыркы 10 жылда кыргыз-тажик чек арасында 150дөн ашуун ири чыр чыккан. "Кагылышууларда адам өмүр кыйылып, жергиликтүү тургундардын үй-мүлкү талкаланууда", - деп уланткан TRT Haber. 2021-жылы 29-апрелде тутанган жаңжалды “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөө үчүн талаш тутантканы баяндалат.

Саясий мааниси бар чек аралаш айылдар

The Gardian гезити да регион татаал саясий жана этникалык географиясы менен өзгөчөлөнөрүн, былтыр ушул өңдүү куралдуу жаңжал аз жерден согуш тутантып ийе жаздаганын 17-сентябрдагы макаласында белгилейт.

Басылма соңку окуялардын чоо-жайын, тараптардын бири-бирин айыптаганын, эки президенттин Өзбекстандагы саммитте ок атууну токтотуу, аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашканын баяндап келип, жарым-жартылай демаркацияланган чек ара аймагында кагылыштар көп болорун, бирок чыңалуу адатта тез эле басаңдаганын жазат. Борбор Азиядагы бул окуя Орусиянын Украинага басып кирүүсү, Армения менен Азербайжан ортосундагы чырлашуунун фонунда болгону белгиленет.

The Gardian Тынчтык үчүн Карнеги фондунун (Carnegie Endowment for International Peace) кызматкери Темур Умаровдун пикирине орун берген. Изилдөөчү талаш чордонундагы айылдар экономикалык жактан маанилүү болбогону менен тараптар аларга ашыкча саясий маани артат деп эсептейт.

Умаровдун көз карашында эки өкмөт тең “популист, улутчул риторикага” таянат, бул өз кезегинде жаңжалды жөнгө салуу үчүн зарыл болгон тилкелерди алмашууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG