Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Иманкулов: Чек арада түн тынч өттү


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Кыргыз-тажик чек арасында өткөн түн тынч өттү. Бирок Улуттук коопсуздук комитети абалды курч катары сыпаттап жатат. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантарын кабарлоодо. Чек арадагы соңку кырдаал жөнүндө Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду.

- Марат мырза, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абал кандай? Буга чейин эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары ок атуу токтотуу боюнча сүйлөшкөнү кабарланган. Сүйлөшүүлөрдөгү макулдашкан шарттар аткарылып жатабы?

- Кечээ 20:00дөн соң ок атышууларды токтоттук эле, ошол бойдон түн тынч өттү. Эки тараптан атышуулар болгон жок, тынч болду. Биздин чек арачылар арасында өздөрүнүн бекеттеринен сүрүлүп калгандары болгон. Алардын баары бекеттерге барып, өз орундарын ээлеп, ал жакта жаракат алгандарды алып чыгып, ушул сыяктуу иштерди жүргүзүп жатат. Өз үйлөрүн таштап, башка жакка көчүрүлгөндөр арасында медициналык жардамга муктаж болгондорго биздин аскерлер көмөк көрсөтүүдө.

- Буга чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 24 адам каза болуп, 90го жакыны жараат алганын кабарлады. Тажикстандагы маалымат каражаттары да жабыркагандар бар экенин жазышууда. Азыркы учурда жабыркагандардын саны боюнча тактап кете аласызбы?

- Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы ошондой. Бул кечинде айтылган. Азыркы тапта биз дагы тактап жатабыз. Балким, андан көп болуп калышы мүмкүн, балким андан аз болот. Азыр дагы тактап жатабыз.

- Буга чейин Тажикстандын аскерлери Лейлек районундагы айрым айылдарга кирип келгени кабарланган. Азыркы тапта ал аймактар кимдин көзөмөлүндө?

- Азыр көптөгөн жерлердин баарын кайра биздин чек арачылар ээлеп жатышат. Мен аларды тизмектеп айта албайм. Иштерди жүргүзүп жатабыз.

- Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталгандан бери эки тараптын президенттери баш болгон расмий бийлик органдары утур-утур сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок кайрадан эле ок атылган учурлар болду. Азыркы тапта коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

- Тажик тарап менен кечээ кечинде сүйлөшүлгөн. Жергиликтүү бийлик, президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги түнү бою коңшу өлкөдөгү коллегалары менен байланышта болушту. Саат эртең мененки 9дардан кийин дагы бир жолу сүйлөшмөк. Түн тынч өтүп, ок атуу болгон жок. Ошого жетишти. Эми ушуну толугу менен сактап, кошумча келген күч, техникаларды ал жерден алып чыгууга жетишүүбүз керек. Азыр Баткен облусундагы абал тиешелүү мамлекеттик органдардын толук көзөмөлүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG