Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

"Чек арадагы жаңжалга чоң оюнчулар кызыкдар болушу мүмкүн"


Кыргызстандык чек арачы, Баткен. 2016-жылы тартылган сүрөт.
Кыргызстандык чек арачы, Баткен. 2016-жылы тартылган сүрөт.

Бир катар серепчилердин пикиринде, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш мурдагы Советтер Союзунун аймагында түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюму, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бирикмелер кырдаалды жайгарууда эч пайдасыз экенин көрсөттү. Ошол эле маалда айрым талдоочулар "аймактагы бейстабилдүүлүккө кайсы бир чоң оюнчулар кызыкдар болушу мүмкүн" деген оюн ортого салды.

Орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия чөлкөмүнө байкоо жүргүзүп келген Аркадий Дубнов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу оюн Телеграм каналына жазды. Ал буга чейинки эки тарап ортосундагы макулдашуулар убактылуу гана жыйынтык берип келгенин, керек болсо жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан да майнап чыкпай келгенин белгилеп, анын себебин чечмелеген.

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

"Бул деген же президенттер чек аралаш аймактардагы кырдаалды жакшы билишпейт, ошондуктан жеринде чечимди маңзат жүгүртүү менен чек арадагы контрабанданы көзөмөлдөгөн "авторитеттер" чечим кабыл алышат, же болбосо Ооганстандан согушкерлерди киргизүүгө даярдык көрүү үчүн эки өлкө ортосундагы алсыз тилкелерди сыноо уланууда дегенди билдирет",- деп жазат талдоочу.

Ошондой эле Дубнов Бишкектин "тажик тараптан белгисиз формадагы адамдар жаңжалга катышууда" деген билдирүүсүнө көңүл буруп, бул маалымат "радикал топтордун өкүлдөрү аралашып кетпедиби деген ойго түртөт, бирок бул так эмес" деп белгилеген.

Кыргызстандык саясат таануучу Эмил Жураев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитти өтүп жаткан маалда ушундай жаңжалдын чыгышы бул бирикменин аброюна сокку урганын жазды.

"Шанхай кызматташтык уюму чыныгы пайда келтирген жана таасирлүү уюм катары сакталып калабы же чайлашуунун айланасындагы болбогон кептер менен коштолгон бирикме болуп калабы - бүгүн чечилет", - деп жазат Жураев.

Украиналык серепчи Юрий Поита "Азаттыкка" курган маегинде, мурдагы Советтер Союзунун аймагында түзүлгөн бирикмелер өз функцияларын аткара албай калды деген пикирин айтты.

"Бул Жааматтык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги жана башкалар. Борбор Азияны Орусия өз таасириндеги аймак катары санайт. Бул эч кимге жашыруун эмес. Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммиттинде учурдагы жаңжал тууралуу эч ким үн каткан жок. Бул негизги талкуулай турган маселе болуш керек эле. Ачык айтып, талкуулагандан кийин гана кандайдыр бир чечүүнүн жолун тапса болот да",- деди Поита "Азаттыкка".

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушту. Эки лидер чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан. Бирок бир нече саат өтпөй ок атышуу кайрадан башталып, бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптады.

Тажикстандык көз карандысыз иликтөөчү Шерали Ризоен буга чейин кол коюлган макулдашуулар эмнеге ишке ашпай жатканын талдап, маселени цивилизциялык жол менен чечүүнүн маанисин Фейсбук баракчасына жазды.

Ошол эле маалда айрым адистер чөлкөмдөгү кырдаалдын чыңалып турганы кайсы бир чоң оюнчуларга пайдалуу деген пикирин ортого салды. Маселен, украиналык серепчи Юрий Поита "региондо ким кожоюн экенин көрсөтүү" Орусиянын кызыкчылыгында болушу мүмкүн деген ойдо. Ал мунун бир нече себебин келтирет:

"Менимче, биринчиден бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун болтурбоо. Анткени бул долбоор бир нече жылда ишке ашса, аймактагы геосаясий кырдаал толук өзгөрөт. Бул жол Кытайга Орусияны, Казакстанды айланып өтүп андан ары Европага чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Орусия аркылуу транзитке көз каранды мамлекеттер дагы андан кутулат. Дал ушул себептен Орусия бул долбоорду Борбор Азиядагы өзүнүн узак убакытка созулган кызыкчылыктарына коркунуч катары кабыл алат деген ойдомун. Ошондой эле Орусия баарына, анын ичинде Кытайга аймак кимдин көзөмөлүндө экенин жана эч кандай долбоорлор ишке ашышы мүмкүн эмес экенин көрсөтүүнү каалайт", - дейт украиналык серепчи.

Андан тышкары Поита бул жаңжалдын соңунда "Орусия бейпилдик күчтөрүн киргизүү керек" деген талкуулар күчөп, ал ишке ашса бул кагылышуу Москванын кызыкчылыгында экенин айгинелейт деген пикирде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG