Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча Эмомали Рахмон менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Самарканд, Өзбекстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Самарканд, Өзбекстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматта ошондой эле эки өлкөнүн - Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимов чек арада иштээри, куралдуу жаңжалдын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлөрү тууралуу да жазылган.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин да илгерилетүүгө макулдашты.

Эки президент бүгүн, 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну токтотконун, чек арадагы кырдаал саат 17:00гө карата дагы эле чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Аткылоо учурунда качып бараткан жеринен 15 жаштагы кызга снаряддын осколкасы тийип, каза болгонун кыздын атасы "Азаттыкка" тастыктады. Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG