Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Чек ара чатагы: кыргыз тарап ок атууну токтотконун кабарлады


Баткен облусу. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен облусу. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Чек кызматы кыргыз тарап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотконун маалымдады.

Аталган мекеме Тажикстан тараптан аткылоо азайганын, бирок айрым чек ара аймактарында тажик аскерлери маал-маалы менен аткылап жатканын билдирди. Чек арадагы кырдаал саат 17:00гө карата дагы эле чыңалган бойдон калып жатканы айтылат.

Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлаган. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотулаарын айткан болчу.

"Азаттыктын" тажик кызматы Ташиев менен Ятимов "Равод" бекетинде жолуканын жазды. Ошондой эле Согд облусунун башчынын басма сөз кызматы эки тарап саат 16:00дө ок атышууну токтотуу жөнүндө билдиргенин кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

XS
SM
MD
LG