Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Чек ара кызматы эки тарап ок атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшкөнүн кабарлады


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов.
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашканын Кыргызстандын Чек ара кызматы Телеграм-каналына жазды.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00ке карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG