Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

ЖК төрагасы президент саат беште жыйынга чогултарын билдирди


Чогулгандар Баткенге чукул арада кошмча аскер жөнөтүүнү, жайкын тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылып жатат. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Чогулгандар Баткенге чукул арада кошмча аскер жөнөтүүнү, жайкын тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылып жатат. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент имаратынын алдына чогулгандарга сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров саат 5те кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жыйынга чогултарын маалымдады.

Бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Раззаков шаарынан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда. Президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгү жолугушуу Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан аймагында өтүп жатканын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалыматында, саат 14.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турат. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алганын маалымдап, калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу тажик тарап азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын абалы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG