Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Чек ара: Баткенде миңдеген тургундар эвакуацияланууда


Баткен шаары 16-сентябрда түшкө жуук Тажикстан тараптан ракета менен аткыланганын кабарланды. Сүрөттө Баткен шаарынын борбордук бөлүгү. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен шаары 16-сентябрда түшкө жуук Тажикстан тараптан ракета менен аткыланганын кабарланды. Сүрөттө Баткен шаарынын борбордук бөлүгү. 16-сентябрь, 2022-жыл.

16-сентябрдын таңында башталган ок атышуудан Баткендеги бир нече айылдын тургундары үйлөрүн таштап качууга аргасыз болду. Атышуудан Баткен жана Лейлек райондорунун ондогон айылдарынын тургундары жабыркап, жапырт жер которушту. Окуядан ондогон киши жаракат алган.

Чек ара кызматынын расмий маалыматына ылайык, кагылышуулар Баткен районунун 11 жана Лейлек районунун 12 жеринде орун алды. Алардын дээрлик баары калк тыгыз отурукташкан конуштар жана чек ара тозоттору болду. Саламаттык сактоо министрлигинин саат 18:00гө карата расмий маалыматына ылайык, чек арадагы куралдуу кагылышта жаракат алгандардын саны 55ке жетти. Алардын үчөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

"Негизинен жаракат алгандар дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар. Жалпы жабыркагандардын жетөө аял, бешөө жаш балдар. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 23, Лейлекте 22, Кулундуда 3, Улуттук госпиталда 3, Улуттук хирургия борборунда 1 бейтап дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин министрликтин өкүлү Жылдыз Айгерчинова жараат алгандардын ичинен беш киши атайын борт менен Бишкек шаарынын ооруканаларына жеткирилгенин, жабырлануучулардын диагноздору жана азыркы убактагы абалдары боюнча маалымат кийинчерээк бериле турганын, Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдан үч бригада Баткен шаарына жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Жаракат алгандардын канчасы жай тургун, канчасы аскерлер экени так эмес. Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 15 жаштагы кыз (9-класстын окуучусу) каза болгонун ырастады.

“Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын тургуну, өзүн кыздын атасы деп тааныштырган Малик Маннанов буларды билдирген:

“Так билбейм, таңкы саат 8ден өткөндө качып бараткан маалда болду. Снаряддан болду. Оорукана, "Тез жардам" кайда экенин билбейбиз. Баары качып жүрөт. Маргунга келип кызымды жерге бердим”.

Чыр-чатактын айынан Баткен менен Лейлек райондорунан 23 айыл жана бир шаардын калкы жапырт эвакуацияланды.

Түшкө чейин Баткен районунун Тажикстан менен чек аралаш ондон ашуун айылдарынын тургундары Баткен шаарына эвакуацияланып жатты. Түштө Тажикстан тараптан Баткен шаарынын борбору жана жарандык аба майданы ракеталык курал менен аткыланганы кабарланып, шаарга чогулган бардык калк Кадамжай району тарапка эвакуация болду.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев мындай маалымат берди:

Учкунбек Жоробаев
Учкунбек Жоробаев

"Чоң-Талаа, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Татыр, Самаркандек, Паскы-Арык, Ак-Сай, Таш-Тумшук – бардыгы Кадамжайга чейин кетти. Айдаркен, Сох аркылуу өткөрүп жатабыз. Шаарды дагы чыгарып жатабыз. Баткен шаары эми чыгып кетип атат, чек арадагы айылдар чыгып бүттү".

Кадамжай районунун акими Кутбидин Шакиров Баткен районунан эвакуацияланган качкындарга Өзбекстандын Сох анкалавы аркылуу коридор берилип, жер-жерлерге жайгаштырылып жатканын билдирди.

"Азыр ушул сааттарга карата бизге 7,5 миңдей киши келди, бул эсепке алгандарыбыз. Өз унаалары менен өтүп келип, туугандарына жайгашкандар дагы бар, аларды кошкондо 10 миңден ашып кетти. Сох анклавы аркылуу алып өтүп жатабыз. Ал жерде Саидбахром Саитбурханович деген акими бар. Баткен тараптан бир пост кирет, азыр ошол жактан кирип жатат. Бизге Ак-Турпак айыл аймагынын Өтүкчү айылына, Бирлик айыл аймагынын Чечме айылына чыгат. Ошол жактан кабыл алып жатабыз. Аким менен сүйлөшкөндө ал макул болуп, азыр райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы баш болуп бүт системасы коштоп өткөрүүдө. Акыркы сааттарда тизмеге албай эле өткөрүп жатышат".

Ал эми Тажикстандын Сурх айылы менен кесилишкен жердеги Төрт-Көчөнүн күн батыш тарабындагы Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Боз, Таш-Тумшук, Ак-Сай айылдарынын тургундары Лейлек району тарапка ооду.

Рават айылынын башчысы Бакытбек Турдуев айыл качкындарга толуп, башка коңшу айылдарга да кетип жатканын кабарлады.

«Келгендер болжол менен 10 миңге жакындап калды, дүкөндөрдө тамак-аш калбады. Бизге батпай жатат, бизден өтүп кеткендер да болуп атат, үйлөргө толук кирип атат. Адамдарга айтып, үйүңөргө алып кеткиле деп да жатабыз. Мектептин, бала-бакчанын балдардын тамак-ашын дагы берип атабыз».

Кулунду, Максат, Интернационал, Оочу, Сада, Раззаков, Ак-Арык, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын миңдеген тургундары Сүлүктү жана Раззаков шаарларына эвакуацияланды. Ал эми Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент айылдарынын тургундары тоо тарапка- Маргун айылына карай качты. Жеринен жарыяланган тасмалардан жолдогу унаалардын тыгыны чакырымдап созулуп жатканын көрүүгө болот.

Баткенден Кадамжайга бараткан качкындар
Баткенден Кадамжайга бараткан качкындар

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекетинин комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашканын Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады. Мекеме кийинчерээк кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлады, “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады.

Тажикстан тараптан бул маалыматтарга расмий жооп айтыла элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды”, - деп кабарлаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат төрттөн тартып “Дүйшөмбү” чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG