Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Баткен: Рават айылына 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды


Баткен. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Баткенде ок атылган аймактардан качкан элдин көпчүлүгү Баткен районундагы Рават айылына жайгаштырылууда. Учурда айылга эвакуацияланган элдин саны 10 миңден ашканын айыл башчысы Бакытбек Турдуев "Азаттыкка" билдирди.

"Дүкөндөрдө да азык-түлүк калбады, бүт алып кетишти. Азыр элге кайрылып, үйлөрүңүздөргө бөлүп кетиңиздер деп суранып атабыз. Мектеп жана бала бакчалардын тамак-аштарын да элге беришке мажбурбуз", - деди Бакытбек Турдуев.

Элди коопсуз жакка эвакуациялоо аракеттери Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда жүрүп жатат. Азырынча жалпы саны тууралуу так маалымат жок.

Бул райондордо жана Баткен шаарындагы мектептерде окуу да токтогону кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын, кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын билдирген. Анын алдында кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын маалымдаган. Баткен облустук администрациясы соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

Чек ара кызматы саат 8.00 чамасында Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын маалымдады.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG