Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Лейлек: Ок атылган аймактардан эл коопсуз жакка эвакуацияланууда


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл аймагынын бардык айылдарынан, Максат айылынан, Кулунду айыл аймагынан элди коопсуз жактарга эвакуациялоо иши бүгүн, 16-сентябрда саат сегизден тарта башталды.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Саатбек Эгембердиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар Бешкент, Маргун айылдарына эвакуацияланды.

"Максатты да аткылап жаткандыктан, райондун борбору тарапка өтүү мүмкүн эмес. Биздеги маалыматтар боюнча Максат менен Кулундунун эли Раззаков шаарына эвакуацияланды".

Эгембердиевдин айтуусунда эвакуацияланган эл туугандарынын үйлөрүнө, мектептерге жана башка коопсуз жайларга жайгаштырылууда.

Элди коопсуз жакка эвакуациялоо аракеттери Баткен облусунун башка аймактарында да жүрүп жатканы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын, кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын билдирген. Анын алдында кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын маалымдаган. Баткен облустук администрациясы соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

Чек ара кызматы саат 8.00 чамасында Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын маалымдады.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG