Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды


Тенгиз Бөлтүрүк сот залында. 15-сентябрь, 2022.
Тенгиз Бөлтүрүк сот залында. 15-сентябрь, 2022.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды. Ал өзүнө коюлган айыпты "акылга сыйгыс" деп атап, "Кумтөрдө" коррупциялык схемалар бар экенин, ага өзүнүн тиешеси жоктугун айтты.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды. Анын адвокаты Кайсын Абакиров айыпталуучу Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камаларын билдирди.

Ушул эле соттун чечими менен Бөлтүрүк менен кошо камалган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева эки айга, Рыспек Токтогулов бир айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

"Кумтөрдө" коррупциялык схемалар дагы эле бар"

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйгыс" деп сыпаттады. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирди.

- Башкы прокуратура "Кумтөрдө" 1 млрд. сомдук мыйзам бузуу болгонун билдирди. Бул боюнча үч кылмыш иши козголду. Сиз коюлган айыптар менен макулсузбу?

- Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менде жумушум көп эле, бардык процессти көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чын эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Мага айып жок жерден эле коюлуп жатат.

- Эмне үчүн сизди айыптап жатышат? Бул иштин саясий жүйөсү болушу мүмкүнбү?

- Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай "пара" алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле. Андыктан бардык процесс ачык-айкын жүргөн жана анын баары комиссиялык негизде өтчү. Мен ал жакка такыр аралашкан жокмун, көрсөтмө да берген эмесмин. Анткени сатып алуу боюнча биздин ички процедураларыбыз бар. Биз аны бузган жокпуз. Бул процесске аралашууга укугум жок эле, мен сатып алуу боюнча инструкцияларга жана ички жобого карап иш кылчумун.

Август айында көз карандысыз аудит жүргүзүлдү, себеби "Кумтөр Голд Компани" 2-августка чейин "Центеррага" карап турган. Баарыбыз 2-августка чейин "Центерранын" убагындагы ички жобо менен иштедик. Ал жактагы сатып алуу боюнча талаптар Кыргызстандын мыйзамдарынан такыр айырмаланып турчу. Иштелип чыккан бардык жоболор кынтыксыз аткарылды. Жазылган так процесстер бар. Ал жакта болгон деталдуу иштерге мен аралашкан эмесмин, анткени мен жалпы өндүрүштү карайм. Өткөн жылдын жыйынтыгына караганда 104 млн. доллар үнөмдөдүк. Мен эффективдүү менеджер катары мунун баарын жасай алдым: көптөгөн коррупциялык схемаларды талкаладык, коррупциялашкан келишимдерди жок кылдык, жогору жана орто кызматтагы көптөгөн жетекчилерди иштен алдык, көптөгөн реагенттердин чыгымын азайттык. Ал жакта зор иштер жүрдү. Мен 104 млн. долларды үнөмдөп, ошол эле учурда аларды кантип уурдап алмак элем.

- 19 тонна алдындын сатылышы боюнча талаш-тартыштар жүрдү. Сиз буга байланыштуу бир да жолу комментарий бере элексиз. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Биз алтынды "Кыргызалтын" ишканасына сатабыз. Бул эритме, таза эмес. Анда 60-90% алтын болот. Муну акт менен "Кыргызалтынга" сатабыз. "Кыргызалтын" "9999" аффинаждалган алтынды чыгарат. Анан аны Улуттук банкка же Батышка сатат. Алар сатып акчаны алгандан кийин биз менен эсептешет. "Кумтөр" алтындын "Кыргызалтынга" сатылгандан кийинки тагдырын билбейт. Бул такай эле ушундай болуп келген. Документтерди, келишимдерди көтөрүп чыгып, алтын андан ары эмне болгонун түшүндүрүү керек. Бул жерде "Кумтөрдүн" эч кандай тиешеси жок.

- Сизди бул кызматка өлкөнүн президенти жана премьер-министри алып келген. Сизге айып коюлгандан кийин алар менен сүйлөшө алдыңызбы?

- Азырынча сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. Садыр Нургожоевич (Жапаров) бул маселени көзөмөлдөөнү убада кылган. Мен ага "Кумтөрдү" алып, ишин жолго салууга жигитче сөз бергем. Убадамды аткардым. Өткөн жылдагы жетишкендигибизди өзүңүздөр да көрдүңүздөр. Биз соңку бир жарым жылда суктанарлык жыйынтыкка жетиштик. 104 млн. долларды үнөмдөдүк, бирок мен бул жумушту аягына чыгара элекмин. "Кумтөрдө", айрыкча камсыз кылуу бөлүмүндө дагы эле көптөгөн коррупциялык схемалар бар. Мен жумушту аягына чыгара элекмин, дагы көп иш турат. Бирок мени алып коюшту. Балким, мен өзүмдүн жүрүм-турумум менен... Билбейм, мен кимди өткөрбөй койдум. Көптөр ар кандай компанияларды киргизүүгө кызыкдар болушкан. Бирок мен эч кимди киргизбедим. Садыр Нургожоевич менен келишим ушундай болгон. Көптөрү таарынган. Мага карата көп коркутуулар болду.

- Кимдерден?

- Мен алардын атын айта албайм, айрымдарын өзүм да тааныбайм. Мен алардын таасирдүү адамдар менен байланышы бар экенин билем. "Кумтөрдө" дайым эле ушундай болуп келген. Мен былтыр май айында келгенимде көптөгөн коррупциялык келишимдерди жокко чыгаргам. Көптөгөн коркутуулар болду. "Кумтөр" 25 жылда... Бул ири коррупциялык схема. Ал "Центерранын" убагында куралган, одоно айтканда, "Центерра" калкалаган. Бул схемалардын баарына жол берген.

Башкы прокуратуранын жүйөсү

13-сентябрда Башкы прокуратура Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу кармалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Бөлтүрүк камалганга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган. Прокуратуранын маалыматында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы да айтылат.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова “Азаттыкка” мындай маалымат берген:

“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактылары боюнча үч кылмыш иши козголгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 млрд. сом зыян келтирилгени аныкталган”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөрдөгү орду август айынан соңунан баштап олку-солку боло баштаган. 25-августта алтын кенге сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө жасаган иши тууралуу отчет берүү тапшырылган. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген. Бирок Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингдин жетекчиси бойдон кала берген.

Жогорку Кеңештин талабы, Жапаровдун жообу

Тенгиз Бөлтүрүк кармалгандан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 14-сентябрдагы жыйында маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуштады.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Бирөө миллиард сомду жеп кетти деп кармалды. Кечээ эле асманга көкөлөтүп, кыйын ишкер деген адам бүгүн кармалып отурат. 19 тонна алтын боюнча ар кандай маселелер чыгып атат. Акынбек Үсөнбековичти чакырып, ошол боюнча сурасак болот эле. Миллиард сом деген мындай эле бир чети. Мындан да көп маселелер чыкканы калды. Кумтөр бүгүнкү күндө кандай жумуш алып кетип жатат? Эртең катастрофа болуп толук иштебей калбайбы?", - деди депутат Тазабек Икрамов.

Депутаттар “Кумтөр Голд Компани” боюнча өкмөттүн жана Тенгиз Бөлтүрүктүн маалыматын угуу талабын бир жылдан бери айтып келишет. Бирок мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бийлик муну алтын кенди мурда башкарган канадалык компания менен талаш-тартыш жүрүп атканы менен түшүндүрүп келишкен. Бирок Кумтөр Кыргызстанга толугу менен өткөнү жарыялангандан кийин деле Бөлтүрүк парламентке маалымат берген жок.


14-сентябрдагы отурумда Кумтөр маселесин депутаттар Дастан Бекешев менен Исхак Масалиев да көтөрдү. Масалиев Тенгиз Бөлтүрүккө ишенип келген Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги да каралышы керектигин билдирди.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Башынан эле бир топ жарандар, депутаттар, активисттер “ишенбейбиз, ишенбейбиз” деп айтышкан да. Бирок бизге таза иштей турганын айтышкан. Ошону айткан Акылбек Жапаров да жоопко тартылыш керек. Бул маселени карашыбыз керек. Себеби ал башка мамлекеттин жараны болуп атат. Келишимдерге кол коюп, сүйлөшүүлөргө катышкан болсо, анда аларды кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени ал жактан да пайда көрөм деген ой болуп калышы мүмкүн. Конституция боюнча өкмөттүн мүчөсүн же башчысын бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, ушуну колдонуп көрөлү. Бирок аны калтырабы же жокпу президент чечет”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындагы окуя Жогорку Кеңештин жыйынында түшкү тыныгуудан кийин карала турганы айтылып жаткан. Бирок депутаттардын чогулуп же тарап кеткени белгисиз болуп калды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Анда кылмышка шектүү тууралуу акыркы чечимди сот чыгарарын айтты.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нургожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардан сунуштарды күтүп жатабыз. Фейсбуктан эле "биз болобуз" деген сөздөрүнөн башка мага сунуштар келе элек",- деди Жапаров.

Акылбек Жапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" билдирүү таратып, “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектөөгө даяр экенин билдирди. Алар өз катарынан комиссияга Кеңешбек Дүйшөбаевди, Клара Сооронкулованы, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы жана Айбек Теңизбаевди кошууну сунуштап жатат. Саясатчы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Кыргызстандагы расмий оппозициялык уюм биз болуп эсептелебиз. Ошол эле учурда президент, өкмөт кандай пландап атканын так айта албайбыз. Эгерде комиссия туура түзүлүп, максаттар туура коюлса, анда жетектегенге даярбыз. Анын курамына тажрыйбалуу, принциптерге бекем адамдардын тизмесин бердик. Биз ачык айкын документтерди текшерип, эксперттерди тартып, андан кийин болгон маалыматты коомго обьективдүү айтып берүүгө даярбыз. Эгер бийлик бут тоспой шарт түзүп берсе, анда бир айдын тегерегинде тыянак чыгарабыз”.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал расмий статистика жарыялаган 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын президент Жапаров 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк ким?

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногону айтылып келет.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Президент Садыр Жапаров Тенгис Бөлтүрүк менен Кумтөр алтын кенинде.
Президент Садыр Жапаров Тенгис Бөлтүрүк менен Кумтөр алтын кенинде.

57 жаштагы Тенгиз БөлтүрүкКыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институнун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев Тенгиз Бөлтүрүк канчалык айыпталбасын, анын Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрүүдөгү эмгегин унутпаш керек деген пикирин айтты.

Мурат Жетимишбаев.
Мурат Жетимишбаев.

“Садыр Жапаров өзү ишенип алып келген. Мен дагы жеке сүйлөшкөндө жакшы ойдо калгам. Азыр таң калып отурам. Күнөөлөр коюла берет, бирок акыркы чечимди сот чыгарат. Бөлтүрүк канадалыктар менен чогуу иштешип, Торонтодо жашап келген. Андыктан “Центерра Голдун” сырларын билген. Ошон үчүн алар менен талаш-тартыш болгондо салымы чоң болгон деп ойлойм. Анын эмгегин эч качан четке какпаш керек. Азыр алтын кендин Кыргызстанга өтүшүн бир тарапка, азыркы айыптарды экинчи тарапка коюп баа бериш керек”.

Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе экени да белгилүү.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG