Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Камчыбеков: Кумтөрдүн башкаруучулары ачык тандалбаса суроо жаралат


Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков.
Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков.

Кумтөр алтын кенин башкара турган жаңы жетекчилик ачык тандалбаса коомчулук арасында түрдүү күмөн ойлор жана суроолор пайда болушу ыктымал экенин 7-сентябрда “Азаттыктын” эфиринде Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков билдирди.

Ал мурда “Центерранын” Директорлор кеңешинде Кыргызстандан үч мүчө болуп турган кезде Кумтөрдөгү ишмердүүлүк жана киреше боюнча маалыматты толук алуу мүмкүнчүлүгү болуп келгенин белгиледи:

“Биз да башында Бөлтүрүк мырза келгенде “Бир кишиге башкартып койгон болбойт, Директорлор кеңеши деген принциптүү система түзбөсөңөр да коомдук көзөмөл керек” деп айтканбыз. Бирок андай деле болбой калды. Эми бүгүнкү күндө Директорлор кеңешине үч адам, Башкармалыкка мүчө болуп үч адам дайындалды деп угуп жатабыз. Кеңешке директор болгон Болот Идрисов ошол жерде “Центерранын” учурунда эле өзүн таланттуу адис катары көрсөтө алып, менежерликке чейин жеткен. Калган адамдары кимдер экенин билбейбиз. Башкармалыкка жетекчи болгон Алмаз Барыктабасов да ошол жерде 20 жылдан ашык иштеген жигит. Бул жигиттер билген адамдар. Калгандары ким экенин билбейбиз. Ачык-айкын болсун деген суроо туура коюлуп жатат. Директорлор кеңеши конкурстук жол менен шайланабы? Ал канча адамдан түзүлүшү керек? Ошолорду да коомчулукка ачык алып чыкпаса адистер да айтат, бул суроо көтөрүлөт”.

Камчыбеков Кумтөр боюнча техникалык, каржылык жана экологиялык аудит жүргүзүү керек экенин, учурда ошондой иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөндөн берки абал боюнча маселе 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн.

Кендин алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

2021-жылы май айында канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган жана аны убактылуу жетектөө укугу “Центерра Голддун” Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүккө берилген.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине өткөрүлгөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" финансылык мыйзам бузууларга шектелип быйыл август айында кызмат ордунан четтеттилген. Ал "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси кызматын улантууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG