Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

УКМК: Орусиядан депортация болгон активист кармалды


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилип, ал жактан ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын мекеменин басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди.

Атайын кызмат Бекиев Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөн” деп эсептейт.

6-сентябрда, УКМК билдиргендей, Москванын Преображенский соту Бекиевди “Орусиянын мыйзамдарын көп жолу бузганы жана Орусияга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөнү үчүн” деп Кыргызстанга депортациялаган.

7-сентябрда Бекиев атайын кызматка жеткирилип, ага Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) негизинде айып тагылган. Ошол эле күнү активист мекеменин тергөө абагына камакка алынган.

2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.

УКМКнын 7-сентябрдагы маалыматы боюнча Бекиевдин жактоочулары же тарапташтары азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG