Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Орусияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык үй-бүлөнүн 12 жаштагы кызынын абалы оор, калгандарынын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат. Бул тууралуу 7-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарынын аймагындагы трассада болгон. Кыргызстандык айдап бараткан жеңил машине каршы тилкеге чыгып кетип, оор жүк ташуучу машине менен сүзүшкөн.

Жеңил машиненин айдоочусу Уфа шаарынын аэропортунан Оштон учуп барган жубайын жана төрт баласын тосуп алып, Нижневартовск шаарына жөнөп бараткан.

Баары Златоуст шаарынын ооруканасына жаткырылды. 12 жаштагы кызга операция жасалды.

Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгынан 14 кыргызстандыктын өмүрү кыйылган. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү күнү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG