Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

ЖК: Тенгиз Бөлтүрүк кош жарандыгы тууралуу суроого так жооп берген жок


Тенгиз Бөлтүрүк.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн кош жарандыгы тууралуу суроо берди.

"Балким сиз Кыргызстандагы эң патриот адамдын бирисиз. Мен мисалы баш-аягы ондой мамлекетте окудум, бирок жарандык алып ошол жакта калып калууну такыр ойлогон эмесмин. Сиздин жарандыгыңыз боюнча дагы эл арасында көп сөздөр бар. Элибиз көп нерсеге ишенбей калган. Ачыгын айтып коеюн, "эртең-бүрсүгүнү чемоданын көтөрүп кетип калат, биз анда эмне кылабыз" деген да пикирлер бар. Тынчыраак уктайлы, ушуга жооп берип коюңузчу?".

Бөлтүрүк кош жарандыгы жөнүндөгү суроого бир ыктай жооп берген жок.

"Араңарда деле кош жарандыгы барлар отурат. Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар толтура. Аскар Акаев, Бакиевдер кыргыздын эле жарандары болгон. Алар азыр кайда жүрөт? Мен Кыргызстанга тигил жактан (Канададан - ред) келдим, өзүм Түптөн болом. Ошол жакта төрөлгөм. Өмүр бою Кыргызстанда иштейин деп келдим. Паспортума тийишпей эле койгулачы, ал жакта балдарым окуп жатат. Мен билгенимди, тажрыйбамды Кыргызстанга жумшайын деп келдим",-деди Бөлтүрүк.

Буга чейин парламентте Тенгиз Бөлтүрүктүн кош жарандуулугу, ага дипломатиялык паспорт берилгенине байланыштуу маселе көтөрүлгөн жана ал жооптуу кызматка келгендиктен улуттук коопсуздукка коркунуч тийгизиши ыктымал деген чочулоо айтылган.

Президент жана анын администрациясы бул жагдай тууралуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG