Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Депутат Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” акчасын үнөмдөөгө чакырды (видео)


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчкөнүн сындап, жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

“Бул сиздики эмес, мамлекеттики. 8 миллиард сом акчаны казынадан алдыңызбы же “Кумтөрдүкүбү?” Мына, азыр канчалаган бөйрөгү ооругандар акчасы жок өлүп жатат. Сиз бул жерде 50 миң доллар аз десеңиз туура эмес. 50 миң эмес, 40 миңге алыңыз. Бул элдин акчасы”, - деди Токтошев.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчкөнүнүн себебин буга чейин бир нече жолу түшүндүргөнүн, “Учкун” имаратында иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтты. Ал ар кандай чыгымдардан 104 млн. доллар үнөмдөгөнүн, эки жылдын ичинде өздөрү кеңсе салып кетерин билдирди.

Парламентте Тенгиз Бөлтүрүккө карата мындай сын мурда да айтылган. Апта башында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы менен кеңешпей туруп жаңы кеңсеге көчкөнүнө байланыштуу Бөлтүрүккө эскертүү берилгенин билдирген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы мамлекетке караштуу "Учкун" ишканасынан чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөнү өткөн аптада белгилүү болгон.

"Улуу көчмөндөр мурасы" муну буга чейинки имараттагы шарттын начардыгы жана ага кызматкерлердин батпай калганы менен түшүндүргөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG