Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Уу калдыктар көмүлгөн жайдагы уранды кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү


Майлуу-Суудагы уу калдыктар сакталган жай. Архив сүрөт.
Майлуу-Суудагы уу калдыктар сакталган жай. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетине өлкөдөгү уу калдык сактоочу жайлардагы уран калдыктарын кайра иштетүүнү сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага уран иштетүүгө тыюу салган мыйзамды өзгөртүү керек деген жооп кайтарды.

“Биз уранды жаңы технология менен иштетсек болот эле. Бөлөк өлкөлөргө караганда жакшы жагдайыбыз, уранды утилизация кылган уу калдык сактоочу жайыбыз бар. Мен депутат кезде эч ким уккан жок. Шайлоо алдында болуп калып уранга тиешелүү изилдөө, кайра иштетүүгө мыйзам бөгөт коюп койгон. Мыйзамды өзгөртүп берсеңер иштетүүгө даярбыз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинети учурда аткарылган иштер жөнүндө парламентте маалымат берип жатат.

2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

2021-жылы сентябрь айында Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анын эмне болгону белгисиз.

Өлкөдө жалпысынан 92 жерде уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион метр кубду түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG