Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Бөлтүрүк Орусияга салынган санкциялар “Кумтөргө” таасирин тийгизип жатканын айтты


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Батыштын Орусияга салган санкцияларынын залакасы “Кумтөр” кенин иштетүүгө да тийип жатканын билдирди.

Ал парламентте маалымат берип жатып, башка логистикалык жолдор каралып жатканын маалымдады.

“Орусияга санкция киргенден бери, ачык айтканда логистика жагынан абдан кыйналып жатабыз. Биздин жолдорубуз Орусия аркылуу Европага кетчү. Ошондуктан азыр айла жок Иран менен иштеп жатабыз. Материалдын көбү Орусиядан келчү, ошондуктан альтернативдүү жолдорун башка мамлекеттен карап жатабыз”, - деди Бөлтүрүк.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү Москвага катаал экономикалык санкцияларды киргизген.

Бөлтүрүк Кумтөрдун карьериндеги жарака жөнүндө дагы айтып, учурда иш жүрүп жатканын, июнь айына коюлган план толук аткарыларын белгиледи. Ал буга чейин быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 10-майда эң ири алтын кенге кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы эки айдан кийин жарыяланарын айткан.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26% акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд” компаниясынын 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG