Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

Койчиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысына орун басар болду


Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

Кыргызстандын президентинин мурдагы кеңешчиси Арслан Койчиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Койчиев президенттин кеңешчиси кызматына 2021-жылы февраль айында киришкен.

Ал 55 жашта, тарых илимдеринин кандидаты, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, "Токтогулдун маданий мурасы" коомдук фондунун президенти. "Мисмилдирик", "Бакшы жана Чынгызхан" тарыхый романдарынын автору. "Азаттык", Би-Си-Си медиаларында эмгектенген.

Буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары болуп жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев иштеп келген. Ал 31-мартта эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалган эле.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия байкоочу макамына ээ.

2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте аталган кеңешти мындан ары Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп атоо чечими чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG