Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Парламентте мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш берген жок. Регламентке ылайык, мындай учурда добуш берүү өттү деп саналбайт. Фракция депутаты Исхак Масалиев өз позициясын мыйзамдын кабыл алышына каршы экени менен түшүндүрдү.

“Талкуу болуп жатканда өкмөттүн башчысы бул мыйзамга коррупционерлерге тиешеси жок деп айткан болчу. Мыйзамды карап чыкса, бардык кылмыш туш келет экен. Бардык кылмыш кечирилет экен. Буга барбашыбыз керек. Ошол себептеп добуш бербейм”, - деди Масалиев.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бирок бир нече депутат каршы чыгып, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй жаткан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрүн “саботаж кылып жатат” деп сындашты. Төрага орун басары Нурбек Сыдыгалиев парламент такыр иштей албай калганын айтты.

“Каршы же макул деген добушуңарды бергиле да. Биз иштей албай калдык окшойт, анда тарап кетели. Мен биринчи мандатымды тапшырайын. Иштесек бири-бирибизди түшүнүп иш кылалы”, - деди.

Жыйынтыгында добуш берүү кийинки отурумга жылдырылды.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору 22-июнда парламентте биринчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров долбоорго каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кылмыш иши козголгон мүлктөргө тиешеси жок экенин маалымдаган. Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүүнү максат кылат. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев легалдаштыруу кампаниясына катышкан декларанттар ачык көрсөткөн мүлктөрүнүн каржы булагы суралбайт жана кандайдыр бир салык мыйзамдары бузулган учурлар үчүн кылмыш иши козголбойт деп билдирген.

Бийлик көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG