Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Мадумаров Кемпир-Абад жөнүндө толук маалымат угууну сунуштады


Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив сүрөт.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив сүрөт.

Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракцияснын жетекчиси Адахан Мадумаров Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө бийлик элге толук маалымат бериши керек экенин билдирди.

Мадумаров буга чейин жергиликтүү элдин кайрылуусун Министрлер кабинетине жөнөткөнүн белгиледи.

"Жүздөгөн кишилер кол койгон кагазды жибергем. "Кемпир-Абаддын" тегерегинде ар кандай иштер жүрүп жатат, кошуна мамлекет иш-аракеттерин жүргүзүп жатат. Биз кабатырбыз. Бул кандай болуп чечилген? Бүгүнкү күнгө чейин жообу жок", - деген чочулоосу менен жүздөгөн кишилер кол койгон кайрылуусун жибергем. Бүгүн расмий жиберилген кагазга жоопту көтөрө келишсин", - деди Мадумаров.

29-июнда Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке келип, маалымат берилери айтылды.

Былтыр мартта Ташкентте эки өлкөнүн башчылары чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан. Андан кийин Өзбекстандын борборуна Камчыбек Ташиев барганда чек ара маселеси аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын жана 100% чечилгенин айткан.

Анда Гавасайдан сегиз миң гектар жер алуудан сырткары Кемпир-Абад суу сактагычы, Шахрихансай каналы, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо жана Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганын билдирген.

Ташкент сүйлөшүүлөрүнөн көп өтпөй эле Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы бир канча күн нааразылык акциялары өткөн. Анда расмий Бишкек плотина тууралуу макулдашуусунан баш тартарын жарыялаган.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG