Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Зеленский БУУну Кременчугга өкүлдөрүн жөнөтүүгө чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти же анын атайын өкүлүн Кременчуг шаарындагы соода борбору кабылган ракеталык соккунун кесепетин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Зеленский аларды чынында эле Орусиянын ракеталык соккусу болгонуна ынануу үчүн бардык керектүү маалыматтарды чогултуп кетүүгө үндөдү.

27-июнда соода борборуна сокку урулуп, кеминде 18 адамдын өмүрү кыйылганы, жарадарлар 60тан ашканы кабарланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык сокку Кременчуг шаарындагы курал-жарак кампасына гана багытталганын, соода борбору ал учурда жабык болуп, иштебей турганын айтууда.

Расмий Киев тынч жаткан шаарга, жайкын тургундарга жасалган чабуулду террордук актка теңөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG