Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду


Муктар Жумалиев.
Муктар Жумалиев.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына 28-июнда жарыяланды.

Жумалиев бир убакта Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО), Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк атлантикалык келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Нидерланд жана Люксембургдагы элчисинин кызматын аркалады.

Президенттин басма сөз кызматы Жумалиев ушул кызматтардын баарынан бошотулганын кабарлады. Кызматтан алынган себеби айтылган эмес.

Бул кызматка Жумалиев 2019-жылы 6-мартта дайындалган. Ал 2010-2014-жылдары Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси, 2004-2010-жылдары Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG