Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Жумгалдагы он балалуу баатыр энеге үй салууга демөөрчү табылбай жатат


Баатыр эне Асел Саратованын үй-бүлөсү.
Баатыр эне Асел Саратованын үй-бүлөсү.

“Азаттыктын” каарманы, 10 балалуу баатыр эне Асел Сатаровага үй салып берүү үчүн демөөрчүлөр табылбай жатат. Бул тууралуу "Эмират" эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адиси Чолпонай Атайбекова билдирди.

“Бизде каттоодо турган ата-энеси жок балдар бар. Аларга жардам бат табылат. Сатаровага окшогон көп балалуу үй-бүлөгө көмөк көрсөткөн демөөрчүлөр табылгыча күтүүгө туура келет”, - деди ал.

Быйыл март айында “Азаттык” радиосу Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарованын үйдөгү түйшүгү тууралуу материал чыгарган. Ал видеодон кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев демөөрчүлөр менен үй-бүлөгө материалдык жардам берген.

"Азаттыктын" берүүсүнөн кийин он балалуу эненин жашоосу өзгөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

Базарбаев менен чогуу барган "Эмират" эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлү Али Айоуб "Сатарова он баласы менен шарттары бар чоң тамда жашоого татыктуу экенин" айтып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы турак салып берүүгө убада берген.

Кыргызстанда 113 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 366 миң балага өкмөт жөлөк пул төлөйт. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG