Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:12

Түркиянын элчилиги Чолпонбек Абыкеевдин казино боюнча айтканына жооп кайтарды


Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев.

28-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кеңешчилиги президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин казино тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Анда кумарканаларды ачуу боюнча талкуу Кыргызстандын ички маселеси экени, "Түркияда казинолор ачык деп маалымат таратуу туура эместиги" белгиленген.

“Кыргызстанда казинолорду ачуу боюнча болуп жаткан ички саясий талкуулар - Кыргызстандын ички маселеси. Мындай саясий талкууларга Түркиянын мисал катары көрсөтүлүүсү жана кыргыз коомчулугуна Түркияда казинолор ачык деген маалымат таратуу туура эмес деп эсептелинет. Түркияда казинолор өкмөттүн чечими менен 1996-жылы жабылган", - деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 28-июнда “Биринчи радиого” маек берип, Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды кайра ачуу мыйзамы тууралуу пикирин билдирген.

“Канчалаган мамлекеттерде, анын ичинде Түркияда, Ислам динин карманган бир топ өлкөлөрдө деле казинолор ойнолот. Ошолордун баары кумарпоз болуп кеткен жок”, - деп айткан.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Кумарканага каршы активисттер Бишкекте жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүүдө.

Парламентте колдоо тапкан мыйзам долбооруна эми президент кол койсо, ал күчүнө кирип, иштей баштайт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG