Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Баткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталды


Баткенде курула баштаган медициналык дарылоо жана окуу борборунун макети.
Баткенде курула баштаган медициналык дарылоо жана окуу борборунун макети.

Бүгүн, 28-июнда Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексинин курулушу башталды. Баткен облусуна иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров борбордун пайдубалына капсула салганы мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы - 603, 5 миллион сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 миллион сом бөлүнгөнү кабарланды. Президент Садыр Жапаров мындан сырткары 100 млн. сомго заманбап шаймандар алынарын, ушундай эле медициналык жайлар бардык облус борборлоруна куруларын айтты.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыздалат. Ошону менен бирге 200 орундуу жыйын залы, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

Аталган курулуш эки жыл аралыгында бүткөрүлөрү кабарланды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG