Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

НАТО саммитинде Орусиянын "стратегиялык өнөктөш" аныктамаcы өзгөртүлөт


НАТОнун баш кеңсеси, Брюссель.
НАТОнун баш кеңсеси, Брюссель.

НАТОнун лидерлери шейшембиде кезектеги саммитке чогулууда. Орусия Украинага кол салган учурда өтүп жаткан Мадрид жолугушуусу акыркы жылдардагы эң маанилүү жыйындардан болуп калмакчы. 27-июнда альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг эки күндүк саммитте Украинага жардамдын жаңы пакети макулдашыларын билдирген. Атап айтканда, дрондорго каршы системалар, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу каралууда.

Украин президенти Владимир Зеленский жыйын катышуучуларына видеодон кайрылмакчы.

Түркиянын Швеция жана Финляндиянын аскердик блокко кошулушуна каршы чыгышы да маселе жаратууда. Столтенберг негизги жыйын алдында үч өлкөнүн лидерлери менен талкууга катышмакчы.

28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Андай чечим 2010-жылы кабыл алынган.

Столтенбергдин айтымында, Мадридде стратегиялык концепциядан андай сөздөрдү алуу талкууланат.

Баш катчы ошондой эле Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу альянс ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн 300 миңге чейин көбөйтөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG